Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 20-октябры № 1191-V
"Вена (Австрия) шаарында 2011-жылдын 9-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фондунун ортосундагы Бишкек-Торугарт автожолун реконструкциялоо долбоору боюнча Кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2011-жылдын 6-сентябрындагы № 534 токтом) "Вена (Австрия) шаарында 2011-жылдын 9-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фондунун ортосундагы Бишкек-Торугарт автожолун реконструкциялоо долбоору боюнча Кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Төрага |
А.Келдибеков |