Редакцияот 20.10.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2011-жылдын 20-октябры № 1205-V

"Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ө.Ч.Текебаев тарабынан демилге көтөрүлгөн "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.

2.Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети (Г.А.Скрипкина) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун депутаттардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

 

 

Төрага

 

А.Келдибеков