Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 20-октябры № 1208-V
"Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда 2011-жылдын 25-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Каржылоо (Улуттук жол тармагын (Ош-Баткен-Исфана) реабилитациялоо долбоору үчүн экинчи кошумча каржылоо) жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2011-жылдын 23-сентябрындагы № 570 токтом) "Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда 2011-жылдын 25-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Каржылоо (Улуттук жол тармагын (Ош-Баткен-Исфана) реабилитациялоо долбоору үчүн экинчи кошумча каржылоо) жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
Төрага |
А.Келдибеков |