Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 20-октябры № 1211-V
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырма жөнүндө
Ош областындагы Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылдык округунун Чыйырчык жайытын Алай районунун Гүлчө айылдык округуна кайтарып берүү жөнүндө Ош областындагы Алай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын - акиминин милдетин аткаруучу А.Женалиевдин кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр тапшырылсын:
- Чыйырчык жайытын Ош областындагы Алай районунун Гүлчө айылдык округуна кайтарып берүү жөнүндө маселени иликтесин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечсин;
- натыйжалар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2011-жылдын 1-ноябрына карата маалымдасын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (Г.А.Скрипкина) жана Жер-агрардык маселелер, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (Э.А.Сакебаев) жүктөлсүн.
Төрага |
А.Келдибеков |