Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 20-октябры № 1212-V
2012-жылды Үй-бүлө, тынчтык жана ынтымак жылы деп жарыялоо жөнүндө
Үй-бүлө коомдун негизи болуп саналып, анын аркасында мамлекет чыңдалат жана өнүгөт, элдин жыргалчылыгы жогорулайт. Үй-бүлө коомдун негизги институту катары адамдык баалуулуктардын, маданияттын жана муундардын тарыхый өтмөлүүлүгүнүн сактоочусу, туруктуулуктун жана өнүгүүнүн фактору болуп келген жана болуп кала берет.
Үй-бүлө жана нике институтун чыңдоо максатында, үй-бүлөнүн мамлекеттин жана коомдун өнүгүшүндөгү маанилүү ролун эске алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2012-жыл Кыргыз Республикасында Үй-бүлө, тынчтык жана ынтымак жылы деп жарыялансын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- ушул токтом күчүнө кирген учурдан тартып эки айлык мөөнөттө анын төрагасын дайындоо менен Кыргыз Республикасында Үй-бүлө, тынчтык жана ынтымак жылын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзсүн жана бекитсин;
- Кыргыз Республикасында Үй-бүлө, тынчтык жана ынтымак жылын өткөрүү боюнча уюштуруу комитети тарабынан иштелип чыккан негизги иш-чаралардын планын каржылоонун көлөмүн жана булактарын көрсөтүү менен бекитсин.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
А.Келдибеков |