КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 20-октябры № 1213-V
Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө, тынчтык жана ынтымак күнүн белгилөө жөнүндө
Үй-бүлө коомдун негизги институту катары адамдык баалуулуктардын, маданияттын жана муундардын тарыхый өтмөлүүлүгүнүн сактоочусу, туруктуулуктун жана өнүгүүнүн фактору болуп келген жана болуп кала берет. Анын аркасында мамлекет чыңдалат жана өнүгөт, элдин жыргалчылыгы жогорулайт.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 36-беренесин ишке ашыруу, ошондой эле үй-бүлө жана нике институтун чыңдоо максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 24-сентябрь жыл сайын белгиленүүчү Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө, тынчтык жана ынтымак күнү деп белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул токтомду ишке ашыруу үчүн тиешелүү чараларды көрсүн.
3. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Төрага |
А.Келдибеков |