Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 21-октябры № 1241-V
2010-жылдын апрель, июнь окуяларында курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыр тарткандарга турак жай куруу жана бөлүштүрүү, материалдык жардам көрсөтүү боюнча иштин абалы жөнүндө
2010-жылдын апрель, июнь окуяларында курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыр тарткандарга турак жай куруу жана бөлүштүрүү, материалдык жардам көрсөтүү боюнча иштин абалы жөнүндө маселени карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши төмөнкүлөрдү белгилейт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция, Ош жана Жалал-Абад областтарынын мамлекеттик администрациялары, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларынын мэриялары тарабынан бул маселе боюнча аныкталган жана максатка багытталган иш жүргүзүлүүдө.
Бирок, бардык жабыр тарткандарды турак жай менен камсыз кылуу менен байланышкан маселелер аягына чейин чечилген эмес. Жабыр тарткандардын баары эле турак жай алуу укугу бар жарандардын категорияларынын тизмесине киргизилген эмес (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 22-ноябрындагы № 295 токтому).
Апрель окуялары боюнча:
2010-жылдын апрель окуяларында курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө (88 адам) 1,0 млн.сомдон бир жолу берилүүчү материалдык жардам көрсөтүлгөн;
771 жабыр тарткандын ичинен 742 адам бир жолу берилүүчү материалдык жардам алган:
- денесинен оор жаракат алган 116 адам - 100000 сомдон;
- денесинен анча оор эмес жаракат алган 138 адам - 50000 сомдон;
- денесинен жеңил жаракат алган 488 адам - 50000 сомдон.
Бүгүнкү күнгө карата калган 29 жабыр тартканга алардын республикада жоктугунан каржылык жардам көрсөтүлгөн эмес.
Бишкек шаарынын мэриясынын жергиликтүү бюджетинин каражаттарынан даректүү жардам көрсөтүүгө 523,9 миң сом бөлүнүп берилген. Ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан Жал кичи районунда 144 квартиралуу үй пайдаланууга берилип, ал 144 курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыр тарткандарга бөлүштүрүлгөн. Туңгуч кичи районунда турак үйлөрдү куруу үчүн аянты 0,27 га жер участогу бөлүнүп берилип, бирок долбоорлоо-сметалык иштер эмдигиче жүзөгө ашырыла элек.
Жабыр тарткандардын 3 үй-бүлөсүнө Туңгуч кичи районунан бир бөлмөлүү квартираларды алууга сертификаттар берилген. Ошону менен бирге, калган жабыр тарткандардын турак жай маселесин 2012-жылдын аягына чейин чечүү талап кылынгандыгын белгилей кетүү керек.
Май окуялары боюнча:
2010-жылдын май окуяларында курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө (2 адам) 1,0 млн.сомдон бир жолу берилүүчү материалдык жардам бөлүнүп берилген;
бардыгы болуп 69 адам жабыр тарткан, алардын ичинен:
- денесинен оор жаракат алган 11 адам 100000 сомдон алган;
- денесинен анча оор эмес жаракат алган 14 адам 50000 сомдон алган;
- денесинен жеңил жаракат алган 44 адам 50000 сомдон алган.
Июнь окуялары боюнча:
2010-жылдын июнь окуяларында 447 курман болгондордун ичинен 377 курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө 1,0 млн.сомдон бир жолу берилүүчү материалдык жардам бөлүнүп берилген. Талап кылынуучу документтерин толук эместигинин айынан 70 курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам төлөнүп берилген эмес;
бардыгы болуп 34 адам дайынсыз жоголуп, анын ичинен дайынсыз жоголгондордун 32 үй-бүлөсү 1,0 млн.сомдон алып, калган дайынсыз жоголгондордун 2 үй-бүлөсүнө 1,0 млн.сомдон төлөнүп берилген эмес;
бардыгы болуп 2425 адам жабыр тартып, анын ичинен 1042 адам 50000 жана 100000 сомдон алып, калган 1383 адам бүгүнкү күнгө карата жабыр тарткандарга каралган материалдык жардамды алган эмес.
Ош шаарындагы "Жаштык" лагерине убактылуу жайгаштырылган жабыр тарткан 66 үй-бүлө жөнүндө белгилей кетүү зарыл. Алардын арасында мурда "махалляларда" жалданма квартираларда жашаган курман болгондордун, жаракат алгандардын, тонолгондордун үй-бүлөлөрү бар. Тилекке каршы, бүгүнкү күнгө чейин аларга мамлекеттик жардам төлөнүп берилген эмес жана алар турак жай алуу үчүн эсепке коюлбаган.
Жогоруда баяндалгандарга негизденип, июнь окуяларынын натыйжасында курман болгондордун (447 адам), дайынсыз жоголгондордун (34 адам) (анын ичинен 21 өлүк аныкталган эмес), жабыр тарткандардын (2425 адам) жана Ош шаарындагы "Жаштык" лагеринде убактылуу жайгаштырылгандардын (66 адам) саны 2972 адамды түзөт.
2010-жылдын 1-июлундагы УӨ № 112 "Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы калыбына келтирүү жумуштарын каржылоонун булактарын издеп табуу боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн токтомуна ылайык Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү үчүн Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн резервдик фондунан 100,0 млн. АКШ долларын (4530,0 млн.сом) багыттоо Финансы министрлигине тапшырылган. Бирок, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү каралган акча каражаттарынын ичинен 1 млрд.сомду айыл чарбасын кредиттөөгө убактылуу кайра багыттаган. Бүгүнкү күнгө карата 450 млн.сом кайтарылып берилип, ал эми 550 млн.сом суммасындагы калган бөлүгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн убадасы боюнча 2011-жылдын сентябрынын аягына чейин кайтарылып берилмек.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 22-ноябрындагы № 295 токтому менен 2010-жылдын июнь окуяларында Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад областтарында жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын жарандарына турак жай бөлүштүрүү боюнча мамлекеттик комиссия түзүлүп, ал жабыр тарткандардын турак жай маселелеринин үстүндө түздөн-түз иштөөдө.
Бүгүнкү күнгө карата 11 турак үй (417 квартира) пайдаланууга берилип, аларга 417 үй-бүлө көчүрүлүп киргизилген: Ош шаарында 8 турак үй (333 квартира), Жалал-Абад областында 1 турак үй (60 квартира), Базар-Коргон районунда 2 турак үй (24 квартира).
2011-жылдын аягына чейин 18 турак үйдү (855 квартира) пайдаланууга берүү пландаштырылууда: Ош шаарында 14 турак үй (635 квартира), Жалал-Абад шаарында 2 турак үй (100 квартира), Кара-Суу районунда 2 турак үй (120 квартира).
2012-жылдын I кварталында Ош шаарында 5 турак үйдү (304 квартира) пайдаланууга берүү пландаштырылууда. Ушул жылдын IV кварталында Жалал-Абад шаарында 3 турак үйдү (96 квартира) куруу башталат. Мына ошентип, июнь окуяларында жабыр тарткандар үчүн бардыгы болуп 1542 квартира курулат.
Ошону менен бирге 2010-жылда жабыр тарткан 1780 жеке турак жай курулуштарынын баары калыбына келтирилип, ал эми 2011-жылы 1574 курулуштун аянты 100 ч.мга чейин, анын ичинде Ош шаарында 578, Кара-Суу районунда 656, Жалал-Абад областында 340 курулуштун аянты кеңейтилет.
2011-жылдын 20-апрелиндеги "Калыбына келтирүү жана реконструкциялоо үчүн шашылыш жардам" долбоорунун "Турак жайды реконструкциялоо" компонентинин алкагында Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция менен Ишке ашыруу боюнча өнөктөрдүн ортосунда кызматташуу жөнүндө келишимдер түзүлгөн (салыктарды эске алып, ACTED менен 9574060,00 АКШ доллары суммасына, Качкындар боюнча даниялык кеңеш менен 20040060,00 АКШ доллары суммасына).
Кызматташуу жөнүндө келишимдер боюнча долбоордун каражаттарын берүү төмөнкү тартипте жүзөгө ашырылат:
- долбоордун каражаттарынын 40 (кырк) пайызынын өлчөмдөгү биринчи транш кызматташуу жөнүндө келишимдерге кол коюлгандан кийин которулган;
- долбоордун каражаттарынын 40 (кырк) пайызынын өлчөмдөгү экинчи транш кыш дубалдар (б.а. турак үйдүн темир-бетон сейсмикалык курун кошпогондо жогорку сейсмикалык курдун деңгээлине чейинки кыш дубалдар) тургузулгандыгы жөнүндө отчет бекитилгенден кийин которулат;
- долбоордун каражаттарынын 20 (жыйырма) пайыз өлчөмдөгү үчүнчү транш калыбына келтирилүүгө тийиш болгон бардык турак үйлөрдү калыбына келтирүү жумуштары аяктагандан кийин которулат.
Бирок, жүргүзүлгөн жумуштар менен катар токтоосуз чечүүнү талап кылган төмөнкү бир катар проблемалар бар.
Кыргызстандын элинин эркиндиги, кыргыз мамлекеттүүлүгүн сактап калуу үчүн жана сепаратизмге каршы чыккан курман болгондордун үй-бүлөлөрү менен жабыр тарткандардын социалдык жана турак жай проблемалары аягына чейин чечилбеген бойдон калууда;
Бардык жерде жергиликтүү бийликтин аткаруучу органдары тарабынан ошол кайгылуу күндөрдө жабыр тарткандардын проблемаларына тиешелүү көңүл бурулбайт, Комиссияга жиберилген иштерди кароо көпчүлүк учурларда создуктурулат.
Атка минерлердин мээримсиз мамилелери жабыр тарткандарда ишенбөөчүлүктү жана таарынууну туудуруп, көпчүлүк жетекчилер алардын муктаждыктарына карата кайдыгер бойдон калууда.
Ош шаарындагы "Жаштык" лагеринде убактылуу көчүрүлүп келингендердин арасында материалдык жардам көрсөтүү, турак жай менен камсыз кылуу жана аны бөлүштүрүү проблемасы курч бойдон турат.
Бардык жерде көпчүлүк жабыр тарткандар менен алардын үй-бүлөлөрү социалдык жана бир жолу берилүүчү акчалай жөлөкпулдарды жол-жоболоштурууга жана төлөтүп алууга жетпей жатат.
Укук коргоо органдары тарабынан дайынсыз жоголгондорду издөө иши тиешелүү түрдө жүргүзүлбөйт, ошондой эле бүгүнкү күнгө карата 2010-жылдын кайгылуу апрель-июнь окуяларына күнөөлүүлөрдүн бири да жазык жоопкерчилигине тартылган эмес, мунун өзү жабыр тарткандардын көптөгөн даттанууларына жана нааразылыктарына алып келүүдө.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Билим берүү, илим, маданият, маалыматтык жана диний саясат боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин төрайымы Ж.А.Джолдошованын, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, 2010-жылдын июнь окуяларында Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад областтарында жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын жарандарына турак жай бөлүштүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы И.К.Жунусовдун, Кыргыз Республикасынын финансы министри М.Т.Мамбетжановдун, Ош областынын мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатору С.Ш.Жээнбековдун, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатору А.А.Турсунбаевдин, Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын Башкы директору Ж.Ж.Сатыбалдиевдин, Бишкек шаарынын мэри И.Ш.Өмүркуловдун, Ош шаарынын вице-мэри А.Т.Байгазаковдун, Жалал-Абад шаарынын мэри Б.А.Адыловдун бул маселе боюнча маалыматтары эске алынсын.
2. 2010-жылдын 22-ноябрындагы № 295 "Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад областтарында 2010-жылдын июнь окуяларында жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын жарандарына турак жайды биринчи кезекте берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Биринчи кезектеги тартипте турак жай алууга укугу бар Кыргыз Республикасынын жарандарынын категорияларынын тизмесине 2010-жылдын апрель (771 адам), июнь (2972 адам) окуяларында жабыр тарткандардын баарын (жаракат алгандарды жана майып болгондорду кошуп алганда) киргизүү (апрель окуяларында жабыр тарткандарга 147 квартира, ал эми июнь окуяларында жабыр тарткандарга 417 квартира бөлүнүп берилген) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунушталсын жана бул максаттарга 2012-жылга республикалык бюджетте зарыл каражаттарды карасын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- 2010-жылдын апрель, май жана июнь окуяларында курман болгон жарандардын үй-бүлөлөрүнө жана жабыр тарткан жарандарга социалдык жардам көрсөтүү боюнча туруктуу иштөөчү өкмөттүк комиссия түзсүн;
- ал максаттар үчүн республикалык бюджеттен зарыл каражаттарды бөлүү менен жабыр тарткан жарандарды андан аркы медициналык жана психологиялык реабилитациялоо боюнча чараларды карасын;
- материалдык зыян тарткан ишкерлерге бир жолу берилүүчү компенсация төлөп берүүнү аяктасын;
- 2010-жылдын апрель (627 адам), июнь (2008 адам) окуяларында жабыр тарткандардын калгандарынын турак жай маселесин 2012-жылдын аягына чейин чечсин;
- 2010-жылдын апрель, июнь окуяларында курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыр тарткандарга турак жай курууну жана бөлүштүрүүнү, материалдык жардам көрсөтүүнү өзгөчө контролго алсын;
- мурда айыл чарбасын кредиттөөгө багытталган 550 млн.сомду 2011-жылдын 10-ноябрына чейин Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекцияга кайтарып берүү боюнча чараларды көрсүн;
- республикада жүрбөгөн апрель окуяларында 29 жабыр тарткандарга, дайынсыз жоголгондордун 2 үй-бүлөсүнө, 1383 жабыр тарткандарга, ошондой эле 2010-жылдын июнь окуяларында жабыр тарткан Ош шаарындагы "Жаштык" лагериндеги 66 жабыр тарткандарга мурда төлөнүп берилбеген бир жолу берилүүчү материалдык жардамды төлөп берүүнү камсыз кылуу боюнча чараларды жүзөгө ашырсын;
- сепараттык, террорчулук умтулууларга бөгөт коюу жана улуттар аралык мамилелерди чыңалтууга жол бербөө үчүн жалпыга маалымдоо каражаттары тарабынан түшүндүрүүчү маалыматтык берүүлөрдү жүргүзүү боюнча ишти күчөтсүн, бул максаттарда республиканын түштүгүнүн бардык калктуу конуштарын улуттук теле- жана радио программалар, сапаттуу уюк байланышы менен камтысын;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен биргелешип этностор аралык мамилелерди турукташтырууга жана чыңдоого багытталган идеологиялык жана түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн, бул жаатта кабыл алынган мыйзамдарды так сактасын жана ишке ашырсын.
4. Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлиги, Ош, Жалал-Абад областтарынын мамлекеттик администрацияларынын башчылары - губернаторлору, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларынын мэриялары:
- 2012-жылдын аягына чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен биргелешип 2010-жылдын апрель, июнь окуяларында жабыр тарткандардын баарын турак жай менен камсыз кылуу маселесин чечсин;
- 2010-жылдын апрель, июнь окуяларында курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыр тарткандарга материалдык жардамды толук төлөп берүүнү камсыз кылсын;
- 2010-жылдын апрель, июнь окуяларында курман болгондордун үй-бүлөлөрүнүн жана жабыр тарткандардын социалдык проблемаларын өз убагында чечүү жана аларга материалдык жардам көрсөтүү боюнча чараларды көрсүн, алар үчүн турак жай курууга жана аны бөлүштүрүүгө ар тараптуу көмөк көрсөтсүн, аларга карата бюрократиянын, мээримсиз мамиле жасоонун көрүнүштөрүнүн фактыларын болтурбасын.
5. 2010-жылдын июнь окуяларында Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад областтарында жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын жарандарына турак жай бөлүштүрүү боюнча мамлекеттик комиссия турак жайды адилет бөлүштүрүү жана июнь окуяларында жабыр тарткан, Ош шаарындагы "Жаштык" лагерине убактылуу көчүрүлүп келинген 66 жабыр тарткандарды турак жай алуу үчүн тизмелерге милдеттүү киргизүү боюнча чараларды көрсүн.
6. Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция:
- ички баруучу жолдорду, жөө жүрүүчүлөрдүн жолчолорун жана балдарын ойноо аянтчаларын куруу менен 18 турак үйдү (855 квартира) 2011-жылдын аягына чейин өз убагында пайдаланууга берүүнү камсыз кылсын;
- 2012-жылга 2010-жылдын июнь окуяларында жабыр тарткандар үчүн куруу алдыда турган турак жайдын санын, ошондой эле алардын сметалык наркын аныктасын;
- Ош шаарында 2011-жылга курулуш объекттеринин тизмесине киргизилген спорттук жатак мектепти куруу жумуштарын баштасын.
7. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети, Ички иштер министрлиги:
- 2010-жылдын апрель, июнь окуяларына күнөөлүүлөрдү жазык жоопкерчилигине тартуу боюнча чараларды көрсүн, 2010-жылдын июнь окуяларында дайынсыз жоголгондорду издөө ишин активдештирсин;
- 2010-жылдын июнь окуяларына күнөөлүү К.Батыровдун, Ж.Салахудиновдун, И.Абдурасуловдун, К.Абдуллаеванын, Д.Сабировдун жана башкалардын кыймылсыз мүлкүн сатууга коюу боюнча тиешелүү мыйзамдарга ылайык чараларды көрсүн жана келип түшкөн каражаттарды жабыр тарткандар үчүн Реабилитациялык борбор куруу үчүн багыттасын.
8. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыр тарткан жарандарга бир жолу берилүүчү материалдык жардамды төлөп берүүнүн негиздүүлүгү менен тууралыгын текшерсин жана 2012-жылдын февралына карата маалымат берсин.
9. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Билим берүү, илим, маданият, маалыматтык жана диний саясат боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (Ж.А.Джолдошова), Бюджет жана финансы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (А.Ү.Жапаров), Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (И.А.Пирматов), Саламаттык сактоо, социалдык саясат, эмгек жана миграция боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (Д.А.Ниязалиева) жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
А.Келдибеков |