Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 27-октябры № 1245-V
"Кыргыз Республикасынын аймагынан алынып кетүүчү жер семирткичтерге ташып кетүүнүн (экспорттоонун) бажы алымдарынын ставкаларын белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Фискалдык жана акча-кредиттик саясат боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети (А.Т.Сулайманов) жана Жер-агрардык маселелер, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети (Э.А.Сакебаев) "Кыргыз Республикасынын аймагынан алынып кетүүчү жер семирткичтерге ташып кетүүнүн (экспорттоонун) бажы алымдарынын ставкаларын белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун депутаттардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
А.Келдибеков |