Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 27-октябры № 1247-V
"Кыйноолорго жана башка ырайымсыз, адамкерчиликке жатпаган же кадыр-баркты басмырлаган мамилеге жана жазалоолордун түрлөрүнө бөгөт коюу боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук борбору жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоо киргизүү тууралуу", "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу", "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Адам укуктары, тең мүмкүнчүлүктөр жана коомдук бирикмелер боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети (Д.Д.Бекешев), Укук тартиби, мыйзамдуулук жана коррупция менен күрөшүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети (Т.Мадылбеков) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.А.Сасыкбаева, А.К.Келдибеков, А.Ш.Жээнбеков, Б.А.Мамырова, Б.С.Кадыров, Ш.Айтматова, Р.Б.Жээнбеков, И.Ю.Карамушкина, А.Б.Баатырбеков, Д.Д.Бекешев, А.Т.Алтыбаева тарабынан демилге көтөрүлгөн "Кыйноолорго жана башка ырайымсыз, адамкерчиликке жатпаган же кадыр-баркты басмырлаган мамилеге жана жазалоолордун түрлөрүнө бөгөт коюу боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук борбору жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоо киргизүү тууралуу", "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу", "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен биргелешип Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык фракцияларынын чечимдерин, ошондой эле депутаттардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
А.Келдибеков |