Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 28-октябры № 1259-V
2010-жылы Ош шаарындагы, Ош жана Жалал-Абад областтарындагы тополоңдордун убагында жабыр тарткан адамдардын кызыкчылыктарын коргоо боюнча чаралар жөнүндө
2010-жылы республиканын түштүгүндө болуп өткөн июнь окуялары региондун экономикасына олуттуу зыян алып келди. Көпчүлүк ишкерлер олуттуу жабыр тартты жана кыйла зыяндарга туш келди - өндүрүштүк жана соода жайлары күйүп кетти. Жергиликтүү ишкерлер негизинен базарларда соода кылган. Алар банктардан жана каржы-кредиттик мекемелерден керектөө муктаждыктарына, бизнести өнүктүрүүгө жана турак жай сатып алууга бир нече жолу кредит алган. Келтирилген зыяндын натыйжасында ишкерлер кредиттер жана кошуп эсептелген пайыздар боюнча андан ары төлөп берүүлөрдү жүргүзүүгө кудурети жетпей калды. Айрым учурларда банктар төлөп берүүлөр боюнча пролонгация берген, бирок мында пайыздарды кошуп эсептөө жүргүзүлгөн. Карызды төлөбөй коюуга байланыштуу банктар тарабынан күрөө мүлкүн (үйлөрдү жана квартираларды) алып коюунун фактылары бар.
Мына ошого байланыштуу, азыркы убакта ишкерлердин көпчүлүгү банктар жана каржы-кредиттик мекемелер тарабынан берилген кредиттерди тындыруу боюнча кыйынчылыктарды башынан кечирип жаткандыгын жана түштүк регионунун жабыр тарткан адамдарына карата болуп өткөн июнь окуялары болтурбоого болбогон жагдайлар деп табылгандыгын эске алып, Өкмөт аларга ар тараптуу жардам көрсөтүүгө тийиш.
Жогоруда баяндалгандарга негизденип, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен биргелешип төмөнкү чараларды жүзөгө ашырсын:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Кайра каржылоо адистештирилген фондун Забырлантуучу (проблемалуу) кредиттер фондуна кайра түзүү боюнча;
- 2010-жылы өлкөнүн түштүгүндө жабыр тарткандарга келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча кепилдик берилген фонд түзүү боюнча;
- жабыр тарткан адамдар тарабынан алынган кредиттерди, ошондой эле аларга кошуп эсептелген пайыздар менен туумдарды төлөп берүү боюнча мөөнөттөрдү кийинкиге калтыруу боюнча;
- күрөөгө коюлган мүлктү алып коюу жана кредиттер боюнча төлөөлөрдү жүзөгө ашыруу боюнча сот процесстерин токтотуу боюнча;
- 2010-жылдын 1-июнуна чейин банктар менен заемчулардын ортосунда чет өлкөлүк валютада түзүлгөн кредиттик келишимдер боюнча карызды улуттук валютага конвертациялоо боюнча.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- 2012-жылга бюджетте жабыр тарткан адамдар тарабынан алынган ипотекалык кредиттер боюнча курстук айырманы жабууга каражаттарды карасын;
- кредиттик маселелерди чечүү максатында Жогорку Кеңештин, банктардын жана каржы-кредиттик мекемелердин, жабыр тарткан адамдардын укуктарын коргоо боюнча ишти жүзөгө ашыруучу коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен ведомстволор аралык комиссия түзсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Фискалдык жана акча-кредиттик саясат боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (А.Т.Сулайманов) жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
А.Келдибеков |