Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 3-ноябры № 1275-V
Кыргыз-казакстан чек арасындагы "Ак жол" өткөрүү пунктунда түзүлгөн кырдаал жөнүндө
Жыйналышта бир катар депутаттардын чыгып сүйлөөлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 22-сентябрындагы П № 134-V протоколдук тапшырмасы менен Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетке, ошондой эле Укук тартиби, мыйзамдуулук жана коррупция менен күрөшүү боюнча комитетке Казакстан Республикасынын чек арачылары жана бажы кызматынын кызматчылары тарабынан кыргыз товар ташуучуларын уруп-сабоолор, өткөрүүдөн баш тартуу жана мыйзамсыз кармоолор жөнүндө маселени кароо тапшырылган.
Коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечимин карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши төмөнкүлөрдү белгилейт.
Кыргыз-казакстан чек арасында 11 өткөрүү пункту жайгашкан. Былтыркы жылдын апрель окуяларынан кийин алардын айрымдары казакстандык тараптан бир тараптуу тартипте жабылып, ал эми айрымдары азыркыга чейин айрым чектөөлөр менен иштөөдө. Алсак, "Ак-Тилек" ("Карасу" менен чектеш, Казакстан Республикасы) Кант цемент-шифер комбинатынын жүктөрү үчүн гана, "Кең-Булуң" ("Аухатты" менен чектеш, Казакстан Республикасы) жүргүнчүлөр жана бош жүк транспорту үчүн гана, "Токмок" ("Сартобе" менен чектеш, Казакстан Республикасы) сутканын жарык убагында жүргүнчүлөр үчүн гана арналган.
Мына ушуга байланыштуу кыргыз-казакстан чек арасынын түндүк багытында жарандарды, товарларды жана транспорт каражаттарын өткөрүү үчүн негизги пункт болуп "Ак жол" ("Кордай" менен чектеш, Казакстан Республикасы) өткөрүү пункту калат. Батыш Европадан жана Россиядан Кыргызстанга келе жаткан эл аралык жүк ташууларды да ал камсыз кылат, анткени Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын автоматташтырылган контролдоо тутуму боюнча алар транзиттик жол-жоболорду жабуу үчүн "Кордай" өткөрүү пунктуна жиберилет.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин маалыматтары боюнча Бажы бирлиги макулдашуу колдонула баштагандан тартып, Казакстан Республикасынын аймагына өнөр-жай жана башка продукцияны ташып келүүгө чектөөлөр болгон.
Импорттук продукцияны ташып келүүгө жогорку экспорттук алымдар казакстандык ишкерлерди Кыргызстандан товар сатып албастан, кайра экспорттоону жүзөгө ашырууга мажбурлап, мунун өзү Кыргызстандын ишкерлеринин ишине түздөн-түз терс таасирин тийгизди. Мындай жагдай көпчүлүктү ар кандай амалдарга барууга мажбурлап, кыргыз жана казакстандык жарандардын көп санын жеке керектөөлөр үчүн деген имиште 50 килограммдан ашпаган продукцияны Казакстан Республикасына ташып өтүүгө баруусу алардын бири болуп саналат.
Азыркы убакта "Ак жол" өткөрүү пунктундагы кыргыз ташуучуларынын саны 1200 адамга чейин, ал эми казакстандыктардыкы - 800 адамга жакынга жетет. Ар бир жүк көтөрүүчү суткасына чек арадан 5 жолуга чейин жана андан ашык өтүп, ал эми сутка ичинде орточо алганда алардын жалпы саны 8000ден 10000 адамга чейинкини түзөт. Товарды чек ара аркылуу ар бир алып өткөндүк үчүн 500дөн 1000 теңгеге чейин акы төлөнөт.
Бул кырдаалга жооп кылып Казакстан Республикасынын бажы кызматы тарабынан кошумча чектөөлөр - товардын бир түрдүүлүгүн контролдоо киргизилип, башкача айтканда анын салмагына карабастан товардын нускасынын санына басым жасалган. Жаңы эрежелердин киргизилиши менен "товар ташуучулар" бажы алымдарын төлөөдөн баш тартып, алардын боор оорусуна үмүт кылуу менен Казакстан Республикасынын бажы кызматынын кызматчыларына күнүнө бир нече жолу кайрылууга мажбур болууда. Товарларды алып өтүүнүн мындай үзгүлтүксүз жасалган аракеттери көпчүлүк учурларда Казакстан Республикасынын контролдоочу органдарынын өкүлдөрүнүн терс мамилесин пайда кылууда жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин маалыматтары боюнча аларды жаалдуу мамиле жасоого түртөт. Кыргыз Республикасынын жарандарын уруп-сабоонун жана мыйзамсыз кармоонун фактылары жөнүндө жарандардын кайрылуулары Кыргыз Республикасынын бажы органдарына келип түшпөгөндүгүн белгилей кетүү керек. Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине республиканын жарандарынан Казакстан Республикасынын чек арачыларын жана бажы органдарынын кызматчыларын укукка жатпаган аракеттерге күнөөлөгөн даттануулар келип түшүүдө. Алсак, "Ак жол" өткөрүү - пунктунда чек арадан өтүү убагында республиканын жарандары Казакстан Республикасынын чек арачылары жана бажы органдарынын кызматчылары тарабынан күч колдонуу менен моралдык мазактоолорго дуушар болууда жана мындай көрүнүштөр ченемге айланып бара жатат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши чек арадагы укукка жатпаган аракеттер социалдык чыңалууну пайда кылышы, чек ара чатагынын пайда болушуна алып келиши жана мамлекеттер ортосундагы мамилелерге зыян келтириши мүмкүн деп эсептейт.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү чек арадагы кырдаалды кадимкидей кылуу үчүн чек арадан өтүүдө жөнөкөйлөштүрүлгөн жол-жобону колдонуу, Казакстан тарабынан мурда бир тараптуу тартипте жабылган өткөрүү пункттарын ачуу жана кыргыз-казакстан мамлекеттик чек арасындагы башка өткөрүү пункттарына айрым чектөөлөрдү алып салуу маселелери боюнча Казакстан Республикасынын Өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлери:
- Казакстан Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өтүүдө Казакстан Республикасынын чек арачылары жана бажы органдарынын кызматчылары тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарына карата укукка жатпаган аракеттердин алдын алуу жана аларга бөгөт коюу боюнча проблемаларды жөнгө салуу жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын ар-намысы менен беделин кемсинтүү фактыларына жол берген кызматкерлерге карата тиешелүү чараларды көрүү тууралуу маселелер боюнча Казакстан Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн;
- "Ак жол" өткөрүү пунктунда жарандардын, ишкерлердин жана жүк ташуучу автотранспорттун өтүшү, чек ара инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн контролдоо сызыгын мүмкүн болуучу бөлүштүрүү жөнүндө, ошондой эле эл аралык жүк ташууларды башка өткөрүү пункттарына жиберүү тууралуу маселелерди карасын;
- зарыл болгон материалдарды жол-жоболоштуруу жана аларды Казакстан Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарына белгиленген тартипте жөнөтүү менен жарандардын даттанууларына өз убагында мамиле жасасын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Коргоо жана коопсуздук боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (И.И.Исаков), Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (А.Б.Баатырбеков) жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
А.Келдибеков |