Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 4-ноябры № 1278-V
Автотранспорт каражаттары үчүн мамлекеттик каттоонун номерлик белгилерин берүүгө карата жаңы мамилелер жөнүндө
Автотранспорт каражаттары үчүн мамлекеттик каттоонун номерлик белгилерин берүүнүн жол-жобосун тартипке келтирүү жана автотранспорт каражаттарынын ээлерин идентификациялоо максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө:
- автотранспорт каражаттарынын ээлеринин каалоосу боюнча КG символдорунун комбинацияларынан тышкары символдордун ар кандай комбинацияларын тандап алууну эске алуу менен жеке (аты жазылган) мамлекеттик каттоонун номерлик белгилерин берүүнүн механизмин иштеп чыксын;
- автотранспорт каражаттарынын ээлеринин каалоосу боюнча символдордун ар кандай комбинацияларын тандап алууну эске алуу менен жеке (аты жазылган) мамлекеттик каттоонун номерлик белгилерин берүүнүн наркын аныктасын;
- жеке (аты жазылган) мамлекеттик каттоонун номерлик белгилерин берүүдөн түшүүчү каражаттарды мамлекеттик бюджетти толтурууга багыттасын;
- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул токтомго ылайык келтирсин.
2. 2005-жылдын 19-апрелиндеги № 166-III "МР" сериясындагы мамлекеттик жаңы номерлик белгилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (И.А.Пирматов), ошондой эле Адам укуктары, тең мүмкүнчүлүктөр жана коомдук бирикмелер боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (Д.Д.Бекешев) жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
А.Келдибеков |