Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 4-ноябры № 1279-V
Кыргыз Республикасында диний билим берүүнүн абалы жана өнүгүү келечеги жөнүндө
Азыркы убакта негизинде диний белгилер боюнча чыдамсыздык маселеси турган террорчулук чыгуулардын географиясы кеңейгендигинин жана көбөйгөндүгүнүн коркунучу актуалдуу бойдон калуусун улантууда.
Кыргызстандагы мусулман диний билим берүүнүн абалы, ошондой эле жалпы билим берүүчү окуу жайларында диний жана илимий сабактарды окутуунун усулун жайылтуунун аркасында окутуу жана тарбиялоо процессин уюштуруу дагы эле заманбап билим берүү тутумунун актуалдуу маселелеринен бойдон калууда.
Төмөндөн жогору интеграциялоо багытында, тилекке каршы, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы тарабынан да, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) тарабынан да башталгыч жана орто окуу жайлары үчүн бирдиктүү билим берүү стандартын иштеп чыгуу боюнча иш жүргүзүлгөн жок.
Медреселер окутуу ишин күндүзгү, кечки жана сырттан окуу түрлөрү боюнча жүзөгө ашырууда. Андан калса, эреже катары, бир эле медресе ар бири өз өзгөчөлүктөрүнө ээ болгон үч багыттын баары боюнча иш жүргүзүүдө. Алардын өзүнүн китепканалары бар, бирок окуу жана өркүндөтүү адабияттары менен камсыз кылынгандык, ошондой эле окутуунун деңгээли илимий стандарттарга салыштыруу боюнча көпчүлүк медреселерде алигече өтө канааттандырарлык эмес бойдон калууда.
Маалыматтык технологиялардын жетишкендиктеринин баарын кабылдоого жана активдүү пайдаланууга жөндөмдүү болгон, ошондой эле мусулман дини менен илимий сабактар жаатында толук баалуу билимдери бар өсүп келе жаткан муундарды тарбиялоого катышуунун маанилүүлүгүн жана зарылдыгын түшүнүп, жалпы орто диний билим берүү тутумуна (медреселер) олуттуу көңүл буруу зарыл.
Жогоруда көрсөтүлгөн маселенин актуалдуулугун жана маанилүүлүгүн эске алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Билим берүү, илим, маданият, маалыматтык жана диний саясат боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин төрайымынын орун басары К.Осмоналиевдин Кыргыз Республикасында диний билим берүүнүн абалы жана өнүгүү келечеги жөнүндө маалыматы эске алынсын.
2. Диний билим берүүнүн абалын иликтөө боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү жана анын ишинин жыйынтыктары жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Билим берүү, илим, маданият, маалыматтык жана диний саясат боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (Ж.А.Джолдошова) жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
А.Келдибеков |