Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 17-ноябры №1299-V
"Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун мүчө-мамлекеттеринин аскердик арналыштагы продукцияны иштеп чыгуу, өндүрүү, пайдалануу, оңдоо, жаңылоо, пайдалануу мөөнөтүн узартуу жана утилдештирүү жаатындагы кызматташтыгы жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2011-жылдын 5-октябрындагы N 613 токтом) "Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун мүчө-мамлекеттеринин аскердик арналыштагы продукцияны иштеп чыгуу, өндүрүү, пайдалануу, оңдоо, жаңылоо, пайдалануу мөөнөтүн узартуу жана утилдештирүү жаатындагы кызматташтыгы жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бул маселе боюнча жооптуу адамдарга карата "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин сактабагандык үчүн чараларды көрсүн.
Төрага | А.Келдибеков
|