Редакцияот 17.11.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2011-жылдын 17-ноябры № 1309-V

2010-жылдагы Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө

2010-жылдагы Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы М.Д.Абулгазиевдин маалыматын угуп жана бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-июлундагы № 404 токтомун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2010-жылдагы Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин аткарылышынын жыйынтыктары бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду:

- камсыздандыруу төгүмдөрүн жана мөөнөтү өтүп кеткен карыздарды толук көлөмдө жыйноону жакшыртууга жетишсин;

- камсыздандыруу төлөмдөрү үнүн арналган каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын.

 

Төрага

А.Келдибеков