Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 17-ноябры № 1320-V
"Бишкек шаарында 2011-жылдын 25-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы каржылоо (Ички чарбалык сугат экинчи долбоору үчүн кошумча каржылоо) жөнүндө макулдашууну (№ 4982-КG кредити, Н718-КG гранты) ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2011-жылдын 12-октябрындагы № 629 токтому) "Бишкек шаарында 2011-жылдын 25-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы каржылоо (Ички чарбалык сугат экинчи долбоору үчүн кошумча каржылоо) жөнүндө макулдашууну (N 4982-КG кредити, Н718-КG гранты) ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
2. Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташуу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине бул долбоордун ишке ашырылышынын жүрүшү жөнүндө маалыматты квартал сайын берип туруу Кыргыз Республикасынын Суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитетине тапшырылсын.
Төрага | А.Келдибеков
|