Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 18-ноябры № 1331-V
"Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Т.Бакир уулу, А.Ү.Жапаров, К.А.Талиева, К.Ж.Рыспаев, А.Ш.Жээнбеков, Э.Эрматов, Т.З.Зулпукаров, С.С.Атаджанов, Б.С.Кадыров, З.С.Жоошбеков, Т.А.Салимов, М.М.Салымбеков, А.Ш.Султанов, А.М.Режавалиев, М.К.Осмонов, К.С.Дыйканбаев, А.Г.Бекматов, А.Т.Сулайманов, А.К.Кочкорбаев, Р.А.Сабиров, Н.К.Алимбеков, Н.М.Мурашев, У.Т.Кочкоров тарабынан демилге көтөрүлгөн "Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Билим берүү, илим, маданият, маалыматтык жана диний саясат боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети (Ж.А.Джолдошова) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун депутаттардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | А.Келдибеков
|