Редакцияот 18.11.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2011-жылдын 18-ноябры № 1340-V

"Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө"  Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын  Президентинин каршы пикири тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2011-жылдын 9-сентябрында кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин кайталанган каршы пикирин карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

"Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги өкүлдөрү менен макулдашылган редакцияда кабыл алынсын.

 

Төрага

А.Келдибеков