Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 18-ноябры № 1341-V
Жер-агрардык маселелер, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине протоколдук тапшырма (2011-жылдын 16-июнундагы П N 103-V) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 16-июнундагы жыйналышында депутат Н.К.Алимбеков тарабынан көтөрүлгөн Бишкек шаарындагы жана ага жакын жайгашкан айылдардагы көпчүлүк дарактар жугуштуу илдеттерге чалдыккандыгы, көп кылымдык эмендердин жалбырактары толук кургап жана түшүп жаткандыгы, Таш-Мойнок, Кой-Таш айылдарынын жана аларга жанаша жайгашкан дачалардын тургундарынын пикири боюнча алар Манас айылында турган америкалык авиабаза менен байланыштуу экендиги жөнүндө маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Б.Э.Кадыровдун маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 16-июнундагы жыйналышында депутат Н.К.Алимбеков тарабынан көтөрүлгөн Бишкек шаарындагы жана ага жакын жайгашкан айылдардагы көпчүлүк дарактар жугуштуу илдеттерге чалдыккандыгы, көп кылымдык эмендердин жалбырактары толук кургап жана түшүп жаткандыгы, Таш-Мойнок, Кой-Таш айылдарынын жана аларга жанаша жайгашкан дачалардын тургундарынын пикири боюнча алар Манас айылында турган америкалык авиабаза менен байланыштуу экендиги жөнүндө маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Б.Э.Кадыровдун маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги, Бишкек шаарынын мэриясы, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары айлана-чөйрөнү коргоонун абалын "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык контролдоону жүзөгө ашырууга тиешелүү көңүл бурсун.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- айлана-чөйрөнү коргоонун абалын мамлекеттик жана ведомствонун үстүнөн контролдоону "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык күчөтсүн;
- чараларды көрүү менен Бишкек шаарындагы жана ага жакын жайгашкан айылдардагы жугуштуу илдеттерге чалдыккан көпчүлүк дарактарды, өзгөчө жалбырактары толук кургап жана түшүп жаткан көп кылымдык эмендерди иликтөө үчүн ведомстволор аралык комиссия түзсүн;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы менен биргелешип илдеттердин келип чыгышынын себептерин жана түрлөрүн аныктоону түзүлгөн ведомстволор аралык комиссияга тапшырсын;
- токой чарбасын өз алдынча түзүм катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинен бөлүп чыгаруу жөнүндө маселени карасын;
- көрүлгөн чаралар жана жасалган иш жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2012-жылдын 1-майына чейин маалымдасын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Жер-агрардык маселелер, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (Э.А.Сакебаев) жүктөлсүн.
Төрага | А.Келдибеков
|