Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 24-ноябры № 1380-V
2011-жылдын 6-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин администрациялык имаратынын контролдоо-өткөрүү пунктун тосуп алуу жолу менен парламенттин ишин үзгүлтүккө учуратуу боюнча митингчилердин аракетин текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө
2011-жылдын 7-октябрындагы П № 146-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетине, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетине тапшырма жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин протоколдук тапшырмасы менен Коргоо жана коопсуздук боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине 2011-жылдын 6-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин администрациялык имаратынын контролдоо-өткөрүү пунктун (мындан ары - КӨП) тосуп алуу жолу менен митингчилердин парламенттин ишин үзгүлтүккө учуратууга багытталган аракетин текшерүү жүргүзүү тапшырылган.
Коргоо жана коопсуздук боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин 2011-жылдын 24-октябрындагы көрсөтүлгөн протоколдук тапшырманы аткаруу боюнча чечимин карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши төмөнкүнү белгилейт.
2011-жылдын 6-октябрында "Кыргызстандын сотторун тазалоо", "Мекен шейиттери", "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмелери жүргүзүлүп жаткан сот реформасына каршылык көрсөтүү жана бул маселеге Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын көңүлүн буруу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин администрациялык имаратынын жанында митинг өткөргөн. Жолугушуу үчүн депутаттардын сыртка чыгуусун талап кылган, бирок ага жетишпеген соң, болжол менен саат 11.00дө КӨПтүн эшиктерин тростор, зымдар менен чырмап, жолду жабуу боюнча аракеттерди жасаган, ал эми транспорт өтүүчү КӨПтүн жанынан митингчилер автомашиналардын өтүшүнө жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын администрациялык имаратка кирип-чыгышына бөгөт кылып, катар тизилип туруп алган. Мунун натыйжасында көптөгөн депутаттар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышына өз убагында кире албай, ал 1,5-2 саатка кечигүү менен башталган.
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары, атап айтканда, 2005-жылдын 1-ноябрындагы ПЖ № 505 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик маанилүү объекттеринин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жобону жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик маанилүү объекттерин күзөтүүнү жана алардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ведомстволор аралык планды бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин (мындан ары - МУКК), Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин (мындан ары ИИМ), Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкаруучусунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкаруучусунун, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу Улуттук гвардиянын (мындан ары Улуттук гвардия) 2011-жылдын 11-июлундагы № 264 биргелешкен буйругу менен мамлекеттик маанилүү объекттердин (мындан ары - ММО) коопсуздугун камсыз кылууну жүзөгө ашыруучу органдар, ошондой эле алардын милдеттери менен ыйгарым укуктары айкын аныкталган:
1) ММОнун тосмосунун сыртындагы жакын жаткан аймакта коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу менен күзөттү жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуучу жагдайларды четтетүү Кыргыз Республикасынын ИИМине жүктөлгөн;
2) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин администрациялык имаратына жанаша жаткан аймакта коомдук тартипти камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын ИИМинин Коомдук коопсуздук башкы башкармалыгынын зардалына жана Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын зардалына жүктөлгөн. Жогоруда көрсөтүлгөнгө негизденип, Кыргыз Республикасынын ички иштер министри З.К.Рысалиевдин өтүп жаткан жылдын 6-октябрындагы парламенттин жыйналышында ММОнун тосмосунан 50 метрден тартып Кыргыз Республикасынын ИИМинин жоопкерчилик зонасын аныктоочу кайсы бир ченемдик укуктук актыга шилтеме жасаган маалыматы негизсиз жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын чаташтыруу болуп саналат;
3) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин администрациялык имаратын тосмонун ички периметри боюнча күзөтүү жана коопсуздугун камсыз кылуу менен КӨПтөн өткөрүү режимин жүзөгө ашыруу Улуттук гвардияга жүктөлгөн;
4) күзөтүү жана режимдик иш-чараларды жүзөгө ашыруу, ошондой эле тартылуучу күчтөр тарабынан милдеттерди аткаруунун сапатын жалпы контролдоо Кыргыз Республикасынын МУККсынын 9-башкы башкармалыгына (мындан ары - 9-ББ) жүктөлгөн.
ММОнун тегерегиндеги жагдай курчуганда 9-ББ, Кыргыз Республикасынын ИИМи, Улуттук гвардия ММОну күзөтүүнү күчөтүү, анын коопсуздугун, коомдук тартипти камсыз кылуу жөнүндө чечимди өз алдынча кабыл алат жана зарыл болгондо кошумча күчтөрдү тартууга тийиш.
Бишкек шаарынын мэриясынын жана Биринчи май районунун администрациясынын аракеттери жөнүндө. Бишкек шаарынын мэриясы, Биринчи май районунун администрациясы тарабынан "Жарандардын тынч, куралсыз чогулуу, митингдерди жана демонстрацияларды эркин өткөрүү укугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу боюнча, ошондой эле массалык акцияны токтотуу жана коомдук тартипти камсыз кылуу боюнча зарыл чаралар көрүлгөн эмес. Алсак, Мыйзамдын 4-беренесинин 3-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Премьер-министринин резиденцияларына, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин администрациялык имаратына 30 метрден жакын жайгашкан аймакта көпчүлүк катышкан иш-чараларды (митингдер, пикеттер, демонстрациялар) өткөрүүгө тыюу салынган. Андан калса, Мыйзамдын 11-беренеси өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын уюштуруучулары же катышуучулары тарабынан Мыйзамдын талаптары бузулган учурда жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана ички иштер органдарынын өкүлдөрүнүн талабы боюнча митингдерди, пикеттерди токтотууну карайт.
Ал аз келгенсип, Мыйзамдын 7-беренесинин төртүнчү абзацын бузуу менен митингге катышуу жана митингдин уюштуруучулары тарабынан Мыйзамдын талаптарынын аткарылышын контролдоону жүзөгө ашыруу максатында мэриянын жана райондун администрациясынын расмий өкүлдөрү дайындалган эмес.
Улуттук гвардиянын аракеттери жөнүндө. Митингдин катышуучуларынын көп санынын топтолушуна байланыштуу Улуттук гвардиянын командачылыгы чыңдоо үчүн 52 аскер кызматчысын жиберип, алар 9-ББнын кызмат адамдарына оперативдүү баш ийүүгө өткөрүлгөн.
Улуттук гвардиянын штабынын зардалы - командачысынын биринчи орун басары полковник Н.Кыдыровдун түшүндүрмөсүнө ылайык 2011-жылдын 6-октябрында болжол менен саат 11.00дө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин администрациялык имаратынын КӨПтөрү жана кирүүчү дарбазалары митингдин катышуучулары тарабынан тосууга алынган. Андан кийин алар № 3 жана № 5 КӨПтөрдүн каалгаларын тростор жана зымдар менен чырмап салган. 9-ББнын жооптуу кызматкерлеринин командачылыгы алдындагы Улуттук гвардиянын нарядынын жеке курамы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана Аппаратынын кызмат адамдарынын администрациялык имараттын аймагына тоскоолдуксуз кирүүсүн камсыз кылуу боюнча чараларды көргөн. Бирок, Улуттук гвардиянын командачылыгы айткандай, милиция тарабынан администрациялык имаратты тосуп алууга бөгөт коюу боюнча таасирдүү чаралардын көрүлбөгөндүгүнүн айынан Улуттук гвардиянын аскер кызматчылары, КӨП боюнча наряд жана Улуттук гвардия тарабынан жиберилген чыңдоо күчтөрү митингчилердин КӨПтү тосуп алуу (каалгаларды тростор жана зымдар менен чырмоо) боюнча укукка каршы аракеттерине бөгөт кое алган эмес. Өз кезегинде митингчилердин күзөт объектинин аймагына кирип келишин болтурбоо максатында алар КӨПтүн каалгаларын ичинен жаап алган.
Командалык тарабынан Улуттук гвардиянын аскер кызматчыларына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, Аппаратынын кызматкерлерин административдик имараттын аймагына киргизбөө жөнүндө эч кандай команда болгон эмес, буга капитан Т.Т.Сариевдин, наряддын улугу лейтенант Е.М.Вишняковдун, анын жардамчысы кенже сержант Ж.С.Чилетировдун, ефрейторлор Б.Н.Жээнбековдун, Т.А.Абдиллаевдин, катардагылар Б.А.Сымайловдун, А.Ж.Маликовдун түшүндүрмөлөрү күбө болот. Алардын түшүндүрмөлөрүнө ылайык № 3 жана № 5 КӨПтөрдүн нарядынын жеке курамы тарабынан КӨПтөрдүн каалгаларын тосуп алууга жол берилбестиги жөнүндө митингчилерге түшүндүрүү аракети жасалуу менен зымдарды алып салуу жана кара күч менен КӨПтүн каалгаларын ачуу боюнча чаралар көрүлгөн. Ал эми митингчилер колдору жана буттары менен жаап, каалгаларды ачпай туруп алган.
Митингчилер тарабынан кире бериштерди тосуп алууга жана өткөрүү режимин жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылууга жол берип, КӨП боюнча суткалык наряддын жеке курамы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Ички кызмат уставынын 260-беренесин бузган. Көрсөтүлгөн беренеге ылайык суткалык наряд ички тартипти сактоо, жеке курамды, жайлар менен аскер бөлүгүнүн (бөлүкчөсүнүн) мүлкүн сактоо жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча өз убагында чара көрүү үчүн дайындалат. Бул учурда суткалык наряд тарабынан аскердик бөлүктүн (бөлүкчөнүн) жайы менен мүлкү катары каралуучу КӨПтү күзөтүүнү уюштуруу боюнча, ошондой эле КӨПтүн кирүүчү каалгаларын тосуп алууда алдын алуу чараларын өз убагында көрүү боюнча милдеттер аткарылган эмес.
9-ББнын аракеттери жөнүндө. 2011-жылдын 11-майындагы № 264 буйрукка ылайык тартылган күчтөр тарабынан милдеттерди аткаруунун сапатын жалпы контролдоо Кыргыз Республикасынын МУККсынын төрагасынын орун басарына - 9-ББнын зардалына (З.Ш.Сабаев), ал эми күзөтүлүп жаткан объектке түздөн-түз жакын жерде кызмат өтөгөн нарядды жана ички иштердин аймактык органдары менен өз ара аракеттенүүнү контролдоону жүзөгө ашыруу 9-ББнын зардалынын орун басарына - штабынын зардалына (М.А.Касымкулов) жүктөлгөн. Бирок 9-ББнын бул кызмат адамдарынын бири да 2011-жылдын 6-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин администрациялык имаратынын жанындагы татаал кырдаалды чечүүгө катышкан эмес жана өздөрүнүн түздөн-түз кызматтык милдеттерин аткарбаган.
9-ББнын штабынын зардалынын орун басарынын (И.К.Бектемиров) түшүндүрмөсү боюнча 2011-жылдын 6-октябрында тартылган күчтөргө жалпы жетекчиликти ал өзү аткарган. Анын жалпы жетекчиликти жүзөгө ашыруу боюнча аракеттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин администрациялык имаратынын ичиндеги тосотторду күчөтүү, Улуттук гвардиянын жана милициянын кошумча наряддарын чакыруу, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Жогорку Кеңешинин Төрагасынын, Премьер-министринин милдетин аткаруучунун кортеждерин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын жана Аппаратынын кызматкерлерин өткөрүүгө көмөктөшүү менен гана чектелген. Жогоруда көрсөтүлгөн аракеттерди албаганда, И.К.Бектемиров тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин администрациялык имаратына кире бериште укук бузууларга бөгөт коюу боюнча Улуттук гвардия менен Кыргыз Республикасынын ИИМинин өз ара аракеттенүүсүн уюштурууга багытталган кандайдыр бир таасирдүү чаралар көрүлгөн эмес. Ошондой эле ММОну күзөтүү режими бузулган учурда тиешелүү укук коргоо органдарына, атап айтканда, прокуратурага ага ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин администрациялык имаратына 30 метрден жакын жаткан аймакта көпчүлүк катышкан иш-чараларды (митингдер, пикеттер, демонстрациялар) өткөрүүгө тыюу салынган "Жарандардын тынч, куралсыз чогулуу, митингдерди жана демонстрацияларды эркин өткөрүү укугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 3-пунктун кыйшаюусуз аткаруу боюнча Бишкек шаарынын мэриясына жана Кыргыз Республикасынын ИИМине карата чараларды көрүү жөнүндө токтоосуз билдирүү тууралуу 2011-жылдын 11-майындагы № 264 буйругунун 5-пунктунун талаптары аткарылган эмес.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-апрелиндеги № 95-б буйругунун 2-пунктуна ылайык күзөтүлүүчү объекттерде кызмат өтөөнүн мезгилинде Улуттук гвардиянын жеке курамы 9-ББнын кызмат адамдарына баш ийүүгө өтөт. Демек, 9-ББнын кызмат адамдары тарабынан Улуттук гвардиянын суткалык нарядынын ишине жетекчилик жетишсиз уюштурулган.
Ички иштер органдарынын аракеттери жөнүндө. Тартипти камсыз кылууга чегилген күчтөргө жана каражаттарга жалпы жетекчиликти Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын (мындан ары - ИИББ) зардалы милициянын полковниги К.Т.Батырканов жүзөгө ашырган. Мында ички иштер органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин администрациялык имаратына жакын жаткан аймакта - тосмонун сыртында тиешелүү коомдук тартип камсыз кылынбаган, митингчилердин КӨПтөрдү тосуп алуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын өтүүсүнө тоскоолдук кылуу боюнча укукка каршы аракеттерине бөгөт коюлган эмес.
Ошону менен ички иштер органдары мыйзамдар менен жүктөлгөн өздөрүнүн түздөн-түз милдеттерин аткарган эмес. Атап айтканда, "Ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 1-пункту, 9-беренесинин 1, 17-пункттары аларга өз компетенциясынын чектеринде коомдук тартипти жана инсандын, коомдун коопсуздугун камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоону, укук бузууларды жана ички иштер органдарынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуучу аракеттерди токтотууну жарандардан жана кызмат адамдарынан талап кылуу, ал эми мыйзамдуу талаптар аткарылбаган учурда мыйзам менен каралган мажбурлоо чараларын колдонуу укугун берет.
Бишкек шаарынын Биринчи май районунун прокуратурасынын аракеттери жөнүндө. Митингдин убагында Бишкек шаарынын Биринчи май районунун прокуратурасы - Биринчи май районунун администрациясы, Бишкек шаарынын ички иштер органдары, 9-ББ жана Улуттук гвардия тарабынан мыйзамдардын так жана бир түрдүү аткарылышына Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 104-беренесинин 1-пунктунда жазылган көзөмөлдү ишке ашырбай, ошонусу менен өзүнүн түздөн-түз иш милдеттерин аткаруудан өз бетинче четте калган. Алсак, прокуратуранын өкүлү болгону 1,5 саат (10.00 - 11.30) көзөмөлдү жүзөгө ашырган да, кетип калган. Прокуратуранын мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндө көрсөтүүсү Бишкек шаарынын ИИББнын зардалынын наамына жана Биринчи май районунун мамлекеттик администрациясынын башчысына каты 2011-жылдын 7-октябрында гана жазылган.
Митингдин уюштуруучуларынын жана митингге катышкан жарандардын аракеттери жөнүндө. Митингдин уюштуруучуларынын талаптары жана алардын митинг өткөрүүсү укукка жатарлык жана негиздүү болуп саналат. Бирок митингдин уюштуруучулары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын төмөнкү бузууларга жол берилген:
1) митинг ага ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин администрациялык имаратына 30 метрге жакын жаткан аймакта көпчүлүк катышкан иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынган "Жарандардын тынч, куралсыз чогулуу, митингдерди жана демонстрацияларды эркин өткөрүү укугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 3-пунктун бузуу менен өткөрүлгөн;
2) коомдук тартип одоно бузулуп, укукка жатпаган аракеттер жасалган - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин администрациялык имаратынын КӨПтөрү тосууга алынган;
3) митингдин айрым уюштуруучулары Кыргыз Республикасынын ИИМинин айрым кызмат адамдары менен келишип алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишине тоскоолдук кылуу менен депутаттарды жумушчу орундарына билип туруп өткөрбөй койгон.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Аткаруу бийлигинин бардык органдары тарабынан мыйзамдардын аткарылышын камсыз кылууну караган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 89-беренесинин 2-пунктунун талаптары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аткарылбагандыгы белгиленсин.
2. Төмөнкүлөр таанылсын:
- өткөрүлгөн митинг тынч болуп саналбагандыгы, "Жарандардын тынч, куралсыз чогулуу, митингдерди жана демонстрацияларды эркин өткөрүү укугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, коомдук тартипти одоно бузуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишине тоскоолдук кылуучу акция болуп саналары;
- Бишкек шаарынын ИИББсынын (К.Т.Батырканов) жана Биринчи май районунун Ички иштер башкармалыгынын (мындан ары - ИИБ) (К.С.Жумагазиев) жооптуу адамдарынын өз иш милдеттерине салкын мамиле жасагандыгы, "Жарандардын тынч, куралсыз чогулуу, митингдерди жана демонстрацияларды эркин өткөрүү укугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин бешинчи абзацын, "Ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 1-пунктун, 9-беренесинин 1, 17-пункттарын жана башка ченемдик укуктук актыларды аткарбагандыгы, өзүнө ведомстволук караштуулуктагы органдардын ишине Кыргыз Республикасынын ИИМинин жетекчилиги (З.К.Рысалиев) тарабынан тиешелүү контролдун жоктугу жол берилген коомдук тартипти бузуулардын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишине тоскоолдук кылуунун себептери болуп саналары;
- Бишкек шаарынын мэриясы (И.Ш.Өмүркулов), Биринчи май районунун мамлекеттик администрациясы (А.Т.Алиев) тарабынан "Жарандардын тынч, куралсыз чогулуу, митингдерди жана демонстрацияларды эркин өткөрүү укугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 3-пункту, 7-беренесинин төртүнчү абзацы, 11-беренесинин биринчи, экинчи, бешинчи абзацтары аткарылбагандыгы;
- Бишкек шаарынын Биринчи май районунун прокуратурасы (У.И.Асакеев) тарабынан жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана ички иштер органдарынын "Жарандардын тынч, куралсыз чогулуу, митингдерди жана демонстрацияларды эркин өткөрүү укугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4 жана 11-беренелерин, "Ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 1-пунктун, 9-беренесинин 1, 17-пункттарын аткаруусу боюнча көзөмөл талаптагыдай жүзөгө ашырылбагандыгы.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- Кыргыз Республикасынын ички иштер министри З.К.Рысалиевди, ошондой эле "Жарандардын тынч, куралсыз чогулуу, митингдерди жана демонстрацияларды эркин өткөрүү укугу жөнүндө", "Ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, 2005-жылдын 1-ноябрындагы ПЖ № 505 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик маанилүү объекттеринин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жобону жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик маанилүү объекттерин күзөтүүнү жана алардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ведомстволор аралык планды бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын аткарылышы үчүн түздөн-түз жооптуу башка кызмат адамдарын баш ийген адамдардын ишин тиешелүү контролдоонун жоктугу, ченемдик укуктук актыларды ("Ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, 2005-жылдын 1-ноябрындагы ПЖ № 505 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик маанилүү объекттеринин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жобону жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик маанилүү объекттерин күзөтүүнү жана алардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ведомстволор аралык планды бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы) билбегендиги, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин администрациялык имаратынын тосмосунан 50 метрден тартып Кыргыз Республикасынын ИИМинин жоопкерчилик зонасына карата Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын билип туруп чаташтыргандыгы үчүн жоопкерчиликке тартсын;
- жер-жерлерде республиканын жарандары үчүн көпчүлүк катышкан иш-чараларды - чогулуштарды, митингдерди жана демонстрацияларды уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби, коомдук уюмдардын жана алардын өкүлдөрүнүн, жарандардын көрсөтүлгөн иш-чараларды уюштуруу жана жүзөгө ашыруу боюнча укуктары менен милдеттери жөнүндө кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, анын ичинде массалык маалымат каражаттары аркылуу жүргүзүү аткаруу бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тапшырсын;
- Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келтирүү максатында "Жарандардын тынч, куралсыз чогулуу, митингдерди жана демонстрацияларды эркин өткөрүү укугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу мыйзам долбооруна демилге көтөрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын МУККсы Кыргыз Республикасынын ИИМи, Улуттук гвардия менен биргелешип Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин администрациялык имаратын күзөтүүнү жана анын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча өз ара аракеттенүү жөнүндө маселени айкын милдеттер, орундар (аймактар) жана убакыт боюнча иштеп чыксын.
5. Кыргыз Республикасынын ИИМи Бишкек шаарынын ИИББсынын (К.Т.Батырканов) жана Биринчи май районунун ИИБсынын (К.С.Жумагазиев) жооптуу кызмат адамдарынын өз иш милдеттерине жоопкерсиз мамилесинин фактысы боюнча кызматтык териштирүү жүргүзсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Коргоо жана коопсуздук боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (И.И.Исаков) жүктөлсүн.
Төрага | А.Келдибеков |