Редакцияот 22.12.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2011-жылдын 22-декабры № 1423-V

"Салык консультанттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына  карата Кыргыз Республикасынын Президентинин  каршы пикири жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2011-жылдын 10-мартында кабыл алынган "Салык консультанттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирин карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

"Салык консультанттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлдөрү менен макулдашылган редакцияда кабыл алынсын.

 

Төрага

А.Жээнбеков