Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 22-декабры № 1435-V
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" ("Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө", "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.К.Исаев тарабынан демилге көтөрүлгөн "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" ("Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө", "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилге укугунун субъекттери жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамга карата өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн негиздемелери менен 5 жумушчу күндүн ичинде Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине жана бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жиберсин.
3. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети (Г.А.Скрипкина) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | А.Жээнбеков
|