Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 28-декабры № 1456-V
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жөнүндө мыйзамдардын ченемдеринин аткарылышы тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 77-беренесинин 5-бөлүгүн жетекчиликке алып жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга Кыргыз Республикасынын башка бардык жарандары менен бир катар укуктар менен эркиндиктерди ишке ашырууда тең мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу, алардын жашоо-ишиндеги чектөөлөрдү четтетүү, жашоонун толук кандуу ыңгайын жүргүзүүгө, коомдун экономикалык, саясий жана маданий турмушуна активдүү катышууга, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан кабыл алынган Майыптардын укуктары жөнүндө конвенция, Кыргыз Республикасынын Конституциясы, эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптери менен ченемдери жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналып, мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен каралган өздөрүнүн жарандык милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүк берүүчү коомго интеграцияланышы үчүн шарттарды түзүү максатында, "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленген талаптарды аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр тапшырылсын:
1) жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргелешип Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын Кыргыз Республикасынын Бишкек жана Ош шаарларындагы, администрациялык борборлорундагы, ошондой эле шаарларындагы жана шаарчаларындагы маданий, оюн-зоок мекемелерине (музейлер, театрлар, кинотеатрлар, көргөзмөлөр), спорттук-ден соолукту чыңдоо курулмаларына, коомдук, администрациялык жана өндүрүштүк имараттарга, курулмаларга жана жайларга эркин жетүүсү үчүн зарыл шарттарды 2012-жылдын ичинде камсыз кылуу максатында менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактарды өз каражаттарынын эсебинен менчигинде же караштуулугунда турган көрсөтүлгөн инфраструктура объекттерине атайын жалгаштырмаларды (пандустар, таянгычтар жана башкалар) орнотууга милдеттендирсин;
- көрүүсү боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга автомобиль жолдорунун жүрүү бөлүгүн кесип өтүү жөнүндө эскертип туруу үчүн арналган үн сигналдары бар светофорлорду сатып алуу боюнча чараларды 2012-жылдын ичинде көрсүн;
- аларды ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү, анын ичинде кресло-коляскалардын же башка көмөкчү каражаттардын жана шаймандардын жардамы менен жүрүүчү адамдардын пайдаланышынын мүмкүнчүлүгүн эске албастан калктуу конуштарды куруу, турак жай райондорун түзүү, долбоорлоо чечимдерин иштеп чыгуу, имараттарды, курулмаларды, комплекстерди жана коммуникацияларды куруу жана кайра конструкциялоо боюнча долбоорлоолорду бекитүүгө этаптар боюнча тыюу салууну белгилөөчү чараларды көрсүн;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын пайдаланышы үчүн аны ыңгайлаштырууну эске албаган жүргүнчүлөр транспортун сатып алууга тыюу салууну белгилөө боюнча тиешелүү чараларды 2012-жылдын ичинде көрсүн;
2) Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары менен эркиндиктерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын аткарылышын катуу көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырсын;
3) Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарынын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышына парламенттик контролду жүзөгө ашырсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Адам укуктары, тең мүмкүнчүлүктөр жана коомдук бирикмелер боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (Д.Д.Бекешев) жүктөлсүн.
Төрага | А.Жээнбеков
|