Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 28-декабры № 1457-V
"Кыргыз Республикасынын аймагынан алынып кетүүчү жер семирткичтерге ташып кетүүнүн (экспорттоонун) бажы алымдарынын ставкаларын белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жиберилген (2011-жылдын 16-августундагы № 13-393/16) "Кыргыз Республикасынын аймагынан алынып кетүүчү жер семирткичтерге ташып кетүүнүн (экспорттоонун) бажы алымдарынын ставкаларын белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбооруна төмөнкү түзөтүүлөрдү эске алуу менен макулдук берилсин:
- аталышындагы "ташып кетүүнүн (экспорттоонун)" деген сөздөр "сезондук (ташып кетүү)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 1-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"1. ТН ВЭД 3101 00 000 0 - 3105 коду боюнча классификацияланган 1 кг жер семирткичке 2012-жылдын 1-февралынан 31-июлуна чейин 14 сом өлчөмүндө сезондук (ташып кетүү) бажы алымдарынын ставкасы белгиленсин.";
- 2-пункттагы "ташып кетүүнүн (экспорттоонун)" деген сөздөр "сезондук (ташып кетүү)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 6-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"6. Ушул токтом 2012-жылдын 1-февралынан тартып күчүнө кирет.".
Төрага | А.Жээнбеков
|