КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 29-декабры № 1460-V
Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетине эмгек акыларын төлөөгө, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусуна чегерүүлөргө карата 2009-2010-жылдары республикалык бюджеттен бөлүнүп берилген бюджеттик ссудаларды эсептен чыгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан макулдашууга жиберилген "Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетине эмгек акыларын төлөөгө, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусуна чегерүүлөргө карата 2009-2010-жылдары республикалык бюджеттен бөлүнүп берилген бюджеттик ссудаларды эсептен чыгаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 28-октябрындагы № 689 токтомун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетине эмгек акыларын төлөөгө, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусуна чегерүүлөргө карата 2009-2010 -жылдары республикалык бюджеттен бөлүнүп берилген бюджеттик ссудаларды эсептен чыгаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимине макулдук берилсин.
Төрага | А.Жээнбеков
|