Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 29-декабры № 1461-V
Илим жана инновациялар мамлекеттик фондун түзүү жөнүндө маселе 95327 боюнча парламенттик суроо-талап тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- Илим жана инновациялар мамлекеттик фондун түзүү жөнүндө маселени карасын (маалымкат-негиздеме тиркелет);
- илимди жана инновацияларды өнүктүрүүгө тартылган гранттык каражаттардын, ошондой эле көрсөтүлгөн максаттарга республикалык бюджеттен бөлүнүп берилүүчү каражаттардын чыгымдалышына туруктуу контролду жүзөгө ашырсын;
- натыйжалар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине эки жумалык мөөнөттө маалымдасын.
Төрага | А.Жээнбеков
|