Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 18-январы № 1522-V
1975-жылы чыгарылган, мамлекеттештирилген Як-40 (ЕХ 00007) аба кемесин менчиктештирилүүгө жаткан объекттердин тизмегине киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 1975-жылы чыгарылган, заводдук номери 9530342, борт номери ЕХ 00007 Як-40 аба кемесин менчиктештирилүүгө жаткан объекттердин тизмегине белгиленген тартипте киргизүү маселесин карасын.
2. 2011-жылдын 25-мартындагы № 267-V "Мамлекеттештирилген Як-40 аба кемесин "Кыргызстан" авиакомпаниясынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Экономика тармактарын өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (И.А.Пирматов) жүктөлсүн.
Төрага | А.Жээнбеков |