Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 21-январ №1533-V
ВИЧ менен жашаган балдарга жардам көрсөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө
Социалдык саясат боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин төрайымы Д.А.Ниязалиеванын республиканын дарылоо мекемелеринде балдарга ВИЧ-инфекциясын жуктуруу жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри С.А.Жумабековдун ВИЧ менен жашаган балдарга жардам көрсөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалыматтарын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ВИЧ/СПИД менен ооругандардын жалпы саны республика боюнча 3610 адамды түзүп, алардын ичинен 191 наристеге ВИЧ-инфекциясы дарылоо мекемелеринде медицина кызматкерлери тарабынан жуктурулгандыгын белгилейт. Анын ичинде Чүй областы боюнча бардыгы 1069 оорулуу катталып, алардын ичинен 1 наристеге медицина кызматкерлеринин күнөөсү боюнча жуккан, Ош областы боюнча 695 оорулуу катталып, 151 наристеге медицина кызматкерлеринин күнөөсү боюнча жуккан, Нарын областы боюнча 33 оорулуу, Ысык-Көл областы боюнча 61 оорулуу, Талас областы боюнча 27 оорулуу, Баткен областы боюнча 58 оорулуу катталып, алардын ичинен 4 наристеге медицина кызматкерлеринин күнөөсү боюнча жуккан, Жалал-Абад областы боюнча 380 оорулуу катталып, алардын ичинен 12 балага медицина кызматкерлеринин күнөөсү боюнча жуккан, Бишкек шаары боюнча 544 оорулуу катталып, алардын ичинен 1 наристеге медицина кызматкерлеринин күнөөсү боюнча жуккан, Ош шаары боюнча 743 оорулуу катталып, алардын ичинен 22 наристеге медицина кызматкерлеринин күнөөсү боюнча жуккан.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Социалдык саясат боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин төрайымы Д.А.Ниязалиеванын республиканын дарылоо мекемелеринде балдарга ВИЧ-инфекциясын жуктуруу жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри С.А.Жумабековдун ВИЧ менен жашаган балдарга жардам көрсөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалыматтары эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин "СПИД" республикалык борбору ВИЧ жуккан балдарга материалдык жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын резервдик фондунан бөлүнүп берилген каражаттардан ооруканаларда жугуунун натыйжасында ВИЧ-инфекциясынан жабыр тарткан балдардын укуктарын коргоо боюнча акцияга катышкан үй-бүлөлөргө 20000 (жыйырма миң) сом, калган каражаттарды Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин "СПИД" республикалык борборунда катталган бардык ВИЧ жуккан балдарга жугуу жолуна карабастан тең үлүштөрдө бөлүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- 2012-жылдын 10-февралына чейинки мөөнөттө кардарларга ВИЧ-инфекциясынын ооруканаларда жугушунун фактыларына байланышкан маселелердин комплексин иликтөө жана аларды болтурбоо боюнча зарыл чараларды иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык комиссия түзсүн;
- кардарларга ВИЧ-инфекциясынын ооруканаларда жугушуна алып келген кызматтык милдеттерин тиешелүү аткарбагандыгы үчүн саламаттык сактоо мекемелеринин жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилеринин жеке жоопкерчилигин карасын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин "СПИД" республикалык борборунун башкы директоруна акыркы эскертүү менен сөгүш жарыяласын;
- ВИЧ-инфекция жана эпидемиологиялык контролду күчөтүү маселелери боюнча областтарда, Бишкек жана Ош шаарларында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн көчмө жыйналыштарын өткөрсүн;
- калкка ВИЧ-инфекциянын жугушунун алдын алуу, республиканын саламаттык сактоо уюмдарын толук көлөмдө материалдык-техникалык камсыз кылуу боюнча максаттуу мамлекеттик программаны 2012-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине берсин;
- 2012-жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө ВИЧ менен жашаган жарандарды социалдык коргоону күчөтүү бөлүгүндө "Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыксын жана аны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин;
- 2012-жылга республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүн кароодо ВИЧ менен жашаган ар бир наристеге ай сайынкы жөлөкпулдардын өлчөмүн 10000 (он миң) сомго чейин жогорулатуу жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин "СПИД" республикалык жана областтык борборлорун материалдык-техникалык камсыздоо үчүн каражаттарды карасын;
- ооруканаларда ВИЧ-инфекциясынын жугушунун натыйжасында жабыр тарткан балдары бар муктаж үй-бүлөлөргө 2010-жылдын июнь окуяларында Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад областтарында жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча программанын алкагында курулуп жаткан турак жайдын санын көбөйтүүнүн эсебинен турак жай бөлүп берүүнү карасын;
- СПИД, кургак учук, безгек менен күрөшүү боюнча глобалдуу фонд менен Кыргыз Республикасындагы глобалдуу фонддун гранттарын башкаруу милдетин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кайтарып берүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн;
- Кызматтык милдеттерин тиешелүү аткарбагандык, ВИЧ менен жашаган жарандарга медициналык жардамды өз убагында көрсөтпөгөндүк, көрсөтүлгөн жарандар жөнүндө маалыматты ачыкка чыгаргандык үчүн жаза чараларын катуулатуу боюнча мыйзам долбоорлорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине берсин;
- саламаттык сактоо мекемелерин бир жолу пайдаланылуучу медициналык аспаптар жана медициналык багыттагы буюмдар, автоклавдар, ВИЧ-инфекцияга текшерүү үчүн тест-тутумдары менен толук камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн;
- ВИЧ/СПИД боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу түшүндүрүү иштерин тутумдуу жүргүзүүнү камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
- саламаттык сактоонун дарылоо-алдын алуу уюмдарында инфекциялык контролду күчөтсүн;
- иш берүүчүлөр тарабынан санитардык-гигиеналык жана санитардык-эпидемиологияга каршы ченемдер менен эрежелердин сакталышына мамлекеттик көзөмөлдү күчөтсүн;
- республиканын дарылоо мекемелеринде болгон мезгилде ВИЧ жуккан балдар менен байланышта болгон адамдарды адамдын иммундук тартыштыгынын вирусунун бар экендигине текшерүүлөрдү ыктыярдуу негизде жүргүзүүнү камсыз кылсын;
- ВИЧ-инфекцияны өз убагында табуу боюнча чараларды көрсүн;
- республикага келип түшүп жаткан, ВИЧ-инфекцияны диагностикалоо жана дарылоо үчүн арналган дары-дармек каражаттарынын жана медициналык багыттагы буюмдардын сапатына, аларды сатып алуу боюнча тендерлерди уюштурууга жана өткөрүүгө контролду камсыз кылып, аларды өткөрүүдө коррупциянын көрүнүштөрүнө жол бербесин;
- медицина кызматкерлеринин ВИЧ-инфекция маселелери боюнча квалификациясын Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунуштамаларына ылайык жогорулатуу боюнча ишти күчөтсүн;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин "СПИД" республикалык борборунун түзүмдүк бөлүкчөлөрүн квалификациялуу медициналык кадрлар менен чыңдоо боюнча чараларды көрсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги республиканын мектепке чейинки, жалпы билим берүүчү, атайын жана башка билим берүү уюмдарында ВИЧ менен жашаган балдарга тең шарттарды түзүү боюнча чараларды көрсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ВИЧ менен жашаган балдарга жардам көрсөтүү боюнча маселелерди чечүү үчүн эл аралык жана гуманитардык уюмдардын каражаттарын тартуу боюнча чараларды көрсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы:
- республиканын саламаттык сактоо уюмдарында балдарга ВИЧ-инфекциясын жуктуруунун фактылары боюнча жазык иштерин тергөөнүн жыйынтыктары жөнүндө маалыматты 2012-жылдын 1-апрелине чейин берсин;
- балдарга ВИЧ-инфекциясын ооруканада жуктурууга жол берген саламаттык сактоо мекемелеринин жетекчилерин бүгүнкү күндө ээлеген кызматына карабастан жазык жоопкерчилигине тартсын.
8. Балдарга ВИЧ-инфекциясын жуктурууга жол берген медицина кызматкерлерине карата жазаларды жеңилдетүү жөнүндө чечимдерди кабыл алган судьялардын жоопкерчилигин кароо Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна жана Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо боюнча кеңешине сунуш кылынсын.
9. Кыргызстандын Кесиптик бирликтер федерациясы ВИЧ менен жашаган балдардын республиканын дарылоо-санаторийлик мекемелеринде эс алуусун уюштуруу жөнүндө маселени карасын.
10. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Социалдык саясат боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (Д.А.Ниязалиева), ошондой эле Коргоо жана коопсуздук боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (Т.Б.Мамытов) жүктөлсүн.
Төрага | А.Жээнбеков |