Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 21-январы №1534-V
Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлери менен кайтарылып берилген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын ("Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына) жана "Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган варианттарын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62 жана 63-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2011-жылдын 7-октябрында кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлери менен кайтарылып берилген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын ("Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына) жана "Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган варианттарын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобу төмөнкү курамда түзүлсүн:
Ө.Ч.Текебаев - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, "Ата Мекен" депутаттык фракциясы;
Д.Ө.Тербишалиев - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, КСДП депутаттык фракциясы;
С.Н.Жапаров - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, "Ата-Журт" депутаттык фракциясы;
Т.У.Шайназаров - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, "Республика" депутаттык фракциясы;
А.Б.Калматов - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, "Ар-Намыс" депутаттык фракциясы;
Д.И.Нарымбаев - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү;
И.Ы.Джолдубаева - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы.
2. Макулдашуу тобу жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдардын макулдашылган варианттарын жана түзөтүүлөрдүн таблицаларын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна 30 календарлык күндөн кечиктирбестен киргизсин.
Төрага | А.Жээнбеков
|