Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 26-январы № 1541-V
Кыргыз ССРинин эл артисти, залкар комузчу К.Орозовдун 130 жылдыгын өткөрүү жөнүндө
Кыргыз ССРинин эл артисти, залкар комузчу Карамолдо Орозовдун 130 жылдыгын өткөрүү жөнүндө Ысык-Көл областтык мамлекеттик администрациясынын башчысынын - губернаторунун милдетин аткаруучу М.Асанакуновдун кайрылуусун карап чыгып, Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети төмөнкүлөрдү белгилейт.
Залкар комузчу К.Орозов 1882-жылы Ысык-Көл областынын Корумду айылында туулган. К.Орозов комуз чертүү өнөрүн өнүктүрүүгө зор салым кошкондордун бири. Ал 1936-жылы биринчилерден болуп филармониянын алдында комузчулар ансамблин түзгөн. Белгилүү музыкант А.В.Затаевич К.Орозовдун 30дан ашык күүлөрүн нотага түшүргөн.
Ал кыргыз элинин улуттук классикасына айланган "Камбаркан", "Көкөй кести", "Сынган бугу", "Такмаза", "Жоо калды", "Чоң кербез", "Койчулардын коңур күүсү", "Шайыр камбаркан", "Колхоз камбаркан", "Темир күү", "Атчандар шыңгырамасы", "Ибарат" жана башка күүлөрдү жараткан.
Кыргыз искусствосун өнүктүрүүгө кошкон көрүнүктүү эмгеги үчүн К.Орозовго "Кыргыз ССРинин эл артисти" ардак наамы ыйгарылып, ал Эмгек Кызыл Туу, "Ардак Белгиси" ордендери, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамоталары менен сыйланган. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болуп шайланган.
Жогоруда баяндалгандарды эске алып, залкар комузчу К.Орозовдун 130 жылдыгын өткөрүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр тапшырылсын:
К.Орозовдун 130 жылдыгын даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттик уюштуруу комиссиясын түзүү, мааракеге байланыштуу иш-чараларды иштеп чыгуу жана алардын каржы булактарын аныктоо;
Ысык-Көл областындагы Ысык-Көл районунун Кум-Бел айылдык округунда К.Орозов атындагы маданият комплексинин курулушун каржылоону 2012-жылга республикалык бюджетте кароо;
Көрүлгөн чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2012-жылдын 1-майына чейин билдирүү.
2. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (К.Осмоналиев) жүктөлсүн.
Төрага | А.Жээнбеков
|