Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 26-январы № 1546-V
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине) Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири тууралуу
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине) Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирин карап чыгып,
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2011-жылдын 14-октябрында кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине) Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирине макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрү менен биргелешип жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын текстин Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирин эске алуу менен жеткире иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Президентине кол коюуга жиберүү Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана адам укуктары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (Э.Ж.Алымбеков) тапшырылсын.
Төрага | А.Жээнбеков
|