Редакцияот 26.01.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2012-жылдын 26-январы №1555-V

"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.А.Арапбаев, Г.А.Скрипкина, М.А.Султанов, Б.Э.Төрөбаев, Р.Б.Жээнбеков, А.Т.Сулайманов, А.Ш.Султанов, К.Ж.Рыспаев тарабынан демилге көтөрүлгөн "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.

2. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана адам укуктары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети (Э.Ж.Алымбеков) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

 

Төрага

А.Жээнбеков