Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 26-январы №1557-V
"Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Өкмөт башчылар кеңешинин Астана шаарында 2009-жылдын 22-майында кол коюлган 1979-1989-жылдарда Афганистандагы согуш мезгилинде дайынсыз жоголгон аскер кызматчыларын издөөнү, сөөгү коюлган жерин издөөнү, эксгумациялоону, сөөгүн идентификациялоону жана аларды Ата Мекенинде кайрадан жерге коюуну улантуу жөнүндө чечимин ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2011-жылдын 17-октябрындагы №638 токтом) "Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Өкмөт башчылар кеңешинин Астана шаарында 2009-жылдын 22-майында кол коюлган 1979-1989-жылдарда Афганистандагы согуш мезгилинде дайынсыз жоголгон аскер кызматчыларын издөөнү, сөөгү коюлган жерин издөөнү, эксгумациялоону, сөөгүн идентификациялоону жана аларды Ата Мекенинде кайрадан жерге коюуну улантуу жөнүндө чечимин ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Эл аралык иштер боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети (А.Б.Баатырбеков) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрагасы | А.Жээнбеков
|