Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 26-январы №1558-V
"2010-жылдын 10-декабрында Москва шаарында кол коюлган Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун коллективдүү коопсуздук системасындагы күчтөрдүн жана каражаттардын кошуунунун статусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2011-жылдын 17-октябрындагы №639 токтом) "2010-жылдын 10-декабрында Москва шаарында кол коюлган Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун коллективдүү коопсуздук системасындагы күчтөрдүн жана каражаттардын кошуунунун статусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Эл аралык иштер боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети (А.Б.Баатырбеков) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрагасы | А.Жээнбеков
|