Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 26-январы №1559-V
"Москва шаарында 2009-жылдын 14-июнунда кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун жамааттык коопсуздук системасынын күчтөрүн жана каражаттарын жашыруун башкаруунун системасын түзүүнүн негизги принциптери тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2011-жылдын 11-октябрындагы № 626 токтом) "Москва шаарында 2009-жылдын 14-июнунда кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун жамааттык коопсуздук системасынын күчтөрүн жана каражаттарын жашыруун башкаруунун системасын түзүүнүн негизги принциптери тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Эл аралык иштер боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети (А.Б.Баатырбеков) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | А.Жээнбеков
|