Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 26-январы №1565-V
"Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Т.Бакир уулу, А.Ү.Жапаров, К.А.Талиева, К.Ж.Рыспаев, А.Ш.Жээнбеков, Э.Эрматов, Т.З.Зулпукаров, С.С.Атаджанов, Б.С.Кадыров, З.С.Жоошбеков, Т.А.Салимов, М.М.Салымбеков, А.Ш.Султанов, А.М.Режавалиев, М.К.Осмонов, К.С.Дыйканбаев, А.Г.Бекматов, А.Т.Сулайманов, А.К.Кочкорбаев, Р.А.Сабиров, Н.К.Алимбеков, Н.М.Мурашев, У.Т.Кочкоров тарабынан демилге көтөрүлгөн "Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети (К.Осмоналиев) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | А.Жээнбеков
|