Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 2-февралы № 1588-V
2011-жылдын 9-июнундагы № 567-V "2010-жылдын апрель-июнунда республикада болуп өткөн кайгылуу окуяларга алып келген жагдайлар менен шарттарды иликтөө жана изилдөө жана аларга саясий баа берүү боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын маалыматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ө.Т.Бабановдун жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору А.Ж.Салянованын 2011-жылдын, 9-июнундагы № 567-V "2010-жылдын апрель-июнунда республикада болуп өткөн кайгылуу окуяларга алып келген жагдайлар менен шарттарды иликтөө жана изилдөө жана аларга саясий баа берүү боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын маалыматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу маалыматтарын угуп жана талкуулап,
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ө.Т.Бабановдун жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору А.Ж.Салянованын 2011-жылдын 9-июнундагы № 567-V "2010-жылдын апрель-июнунда республикада болуп өткөн кайгылуу окуяларга алып келген жагдайлар менен шарттарды иликтөө жана изилдөө жана аларга саясий баа берүү боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын маалыматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу маалыматтары эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин, Өкмөтүнүн, Башкы прокуратурасынын, Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин, Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин, Ички иштер министрлигинин, Судьялар кеңешинин, Судьяларды тандоо боюнча кеңешинин жогоруда көрсөтүлгөн токтомду аткаруу боюнча иши жетишсиз деп эсептелсин.
3. Кыргыз Республикасында өзгөчө оор жана оор жалпы жазык кылмыштарын жасоодо шек саналган жана күнөөлөнгөн жана тергөө менен соттон башка мамлекеттерде жашырынып жүргөн адамдарды өткөрүп берүүнүн жана экстрадициялоонун мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселенин Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин жана Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна кирген өлкөлөрдүн Мамлекет башчыларынын кеңеши, Парламенттик ассамблеянын кеңеши, Өкмөт башчыларынын кеңеши тарабынан каралышына демилге көтөрүү Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына, Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине сунушталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кыргыз Республикасында өзгөчө оор жана оор кылмыштарды жасаган жана башка мамлекеттерде жашырынып жүргөн адамдарды өткөрүп берүү жана экстрадициялоо жөнүндө маселе боюнча чет өлкөлүк мамлекеттердин компетенттүү органдары жана кызмат адамдары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн тиешелүү ыйгарым укуктар таандык кылынган мамлекеттик делегация түзсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- 2010-жылдын апрель-июнундагы окуялардын мезгилинде жабыр тарткан адамдарга Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык медициналык жардам көрсөтүү үчүн 2012-жылга республикалык бюджетте кошумча акчалай каражаттарды карасын;
- 2011-жылдын 9-июнундагы № 567-V "2010-жылдын апрель-июнунда республикада болуп өткөн кайгылуу окуяларга алып келген жагдайлар менен шарттарды иликтөө жана изилдөө жана аларга саясий баа берүү боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын маалыматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун 23-пунктунда көрсөтүлгөн айрым мамлекеттик органдар менен ведомстволорду Ош шаарына этап боюнча көчүрүү маселесин карасын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Башкы прокуратурасы, Жогорку соту, Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети, Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлери, Ички иштер министрлиги, Судьялар кеңеши, Судьяларды тандоо боюнча кеңеши жана башка мамлекеттик органдар 2011-жылдын 9-июнундагы № 567-V "2010-жылдын апрель-июнунда республикада болуп өткөн кайгылуу окуяларга алып келген жагдайлар менен шарттарды иликтөө жана изилдөө жана аларга саясий баа берүү боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын маалыматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомун аткаруу боюнча ишти улантсын жана анын аткарылышы тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2012-жылдын 20-апрелине карата берсин.
7. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттери 2011-жылдын 9-июнундагы № 567-V "2010-жылдын апрель-июнунда республикада болуп өткөн кайгылуу окуяларга алып келген жагдайлар менен шарттарды иликтөө жана изилдөө жана аларга саясий баа берүү боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын маалыматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун өз карамагындагы маселелерге тиешелүү бөлүгүндө аткарылышын көрсөтүлгөн маселе Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышына киргизилгенге чейин карасын.
8. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына жана өз карамагындагы маселелер бөлүгүндө бардык комитеттерине, ал эми жалпы контролдоо Коргоо жана коопсуздук боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (Т.Б.Мамытов) жүктөлсүн.
Төрага | А.Жээнбеков
|