КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 16-февралы №1648-V
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлдөрүнүн Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин курамында болуусунун мөөнөтүн узартуу жөнүндө
"Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин бешинчи бөлүгүнө жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 127-беренесине ылайык
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Айнуру Тойчиевна Алтыбаеванын жана Курманбек Эргешович Осмоновдун Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин курамында болуусунун мөөнөтү бир жылга узартылсын.
Төрага | А.Жээнбеков
|