Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 22-февралы №1662-V
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында түзүлгөн жагдайды иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 18-ноябрындагы №1343-V токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында (мындан ары - ЖАМК) түзүлгөн жагдайды иликтөө убактылуу депутаттык комиссияга тапшырылган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2012-жылдын 12-январында П №194-V протоколдук тапшырма кабыл алынып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин беш комитетине - Коргоо жана коопсуздук боюнча, Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча, Укук тартиби жана мыйзамдуулук боюнча, Бюджет жана финансы боюнча, Жогорку Кеңештин Регламенти жана депутаттык этика боюнча комитеттерине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Б.Э.Төрөбаев тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 12-январындагы жыйналышында көтөрүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖАМКнын төрагасы Ш.К.Байзаков Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын дарегине сын-пикирлерди айтууга жол бергендиги жөнүндө маселени кароо жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖАМКнын түзөтүү мекемелеринде мыйзамдуулукту сактоо, коопсуздукту камсыз кылуу боюнча ишин текшерүү, жазык-аткаруу тутумунда коррупциялык схемалардын бар экендигин табуу тапшырылган.
Убактылуу депутаттык комиссия Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖАМКда түзүлгөн кырдаалды иликтөөнүн негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖАМКнын түзөтүү мекемелеринде жана борбордук аппаратында түзүлгөн жагдай Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖАМКнын төрагасы Ш.К.Байзаков тарабынан компетенттүү эмес жетектөөнүн натыйжасында начарлоого карата туруктуу багытка өткөн.
Ш.К.Байзаков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖАМКнын төрагасы болуп дайындалган учурдан тартып түзөтүү мекемелеринде соттолгондор тарабынан бир нече массалык, чуулгандуу, терс көрүнүштөр - Бишкек шаарынын № 1 СИЗОсундагы баш ийбөө жана 2012-жылдын 16-январындагы массалык ачкачылык жана Кайтаруу жана коштоп жүрүү департаментинин офицерин өлтүрүү менен аяктаган соттолгондордун качуусу, ачкачылыгы, соттолгондорду өлтүрүүлөр, кызматкерлерди сабоолор орун алган. Бул массалык терс көрүнүштөрдүн баары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖАМКнын жетекчилигинин соттолгондорду кармоонун шарттарын жакшыртуу маселелерин түшүнүүсүнүн толук жоктугунун, алар тарабынан кадр ишинде, каржы-чарбалык иштерде мыйзамдуулукту бузуулардын, түзөтүү мекемелеринде өндүрүштүн токтоп калышынын фонунда болуп өткөн.
Жогоруда көрсөтүлгөн маселелер Укук тартиби, мыйзамдуулук жана коррупция менен күрөшүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин 2011-жылдын 16-майындагы жана 1-ноябрындагы жыйналыштарында эки жолу каралып, аларда Ш.К.Байзаковду ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө маселе Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдына коюлган.
Бирок Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чаралар көрүлгөн эмес, анын айынан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖАМКнын жетекчилигинин квалификациялуу эмес аракеттеринин натыйжасында 2012-жылдын 16-январында соттолгондордун массалык баш ийбөөсүнө, соттолгондорду сабоого, тергөөдө жаткан Н.Алымбаевди өлтүрүүгө, бардык түзөтүү мекемелеринде массалык ачкачылыкка жана соттолгондордун туугандарынын № 1 СИЗОсу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин имараттарынын алдына пикетке чыгуусуна алып келген чатакка жол берилип, алар өз кезегинде өлкөнүн жетекчилигине, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына, Акыйкатчысына (Омбудсменине) кайрылган.
Соттолгондордун туугандары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖАМКнын жетекчилигинин укукка жатпаган аракеттерине даттануу менен адам укуктары боюнча эл аралык институттарга кайрылган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖАМКнын төрагасы Ш.К.Байзаков тарабынан жалпыга маалымдоо каражаттарында соттолгондордун массалык көрүнүштөрүнүн себептери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым депутаттарын атоого чейин барган өлкөнүн коомчулугуна маалыматты бурмалоо активдүү жүргүзүлүп, ал жол берилген адепсиздик үчүн алардан кечирим суроодон баш тарткан.
Азыркы убакта түзөтүү мекемелериндеги оперативдүү жагдай чыңалган бойдон жана жаңы масштабдуу тартипсиздиктердин чегинде калууда.
Түзүлгөн кырдаал жана Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун Ш.К.Байзаков өзүнүн акталбаган администрациялоосу жана компетенттүү эместиги менен түзгөн проблемалары Кыргыз Республикасынын эл аралык имиджине жана бийликти коомдун кабылдашына терс таасирин тийгизип, ошого тете алардын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чечилбегендиги алдын ала айтууга болбогон кесепеттерге алып келиши мүмкүн.
Жогоруда баяндалгандарды эске алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында түзүлгөн жагдайды иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө анын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Т.Мадылбековдун маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖАМКнын каржы-чарбалык, оперативдүү-кызматтык ишиндеги жана кадр ишиндеги табылган мыйзамдуулукту бузууларды эске алуу менен 2011-2012-жылдарда соттолгондордун массалык терс көрүнүштөрүнүн фактыларына жол бергендик, одоно жүрүм-туруму үчүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 76-беренесине ылайык 10 күндүк мөөнөттө төмөнкү маселелерди карасын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖАМКнын төрагасы Ш.К.Байзаковду ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө;
- Мыйзамдуулук, укук тартиби жана коррупция менен күрөшүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин 2011-жылдын 16-майындагы жана 2011-жылдын 1-ноябрындагы чечимдерине, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын 2011-жылдын 12-майындагы талапкатына жана Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлеринин Ш.К.Байзаков тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуулардын маселелери боюнча кайрылууларына контролдун жана жооп берүүнүн жоктугу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖАМКнын ишин жетектөөчү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кызмат адамдарынын жоопкерчилиги жөнүндө;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-октябрындагы № 611, 2012-жылдын 23-январындагы № 48 жана 2012-жылдын 1-февралындагы № 75 токтомдорун колдонуудагы мыйзамдарга ылайык келтирсин, мамлекеттик органдардын түзүмүн оптималдаштыруу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖАМКнын борбордук аппаратын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖАМКга караштуу Жазаларды аткаруу департаментин кайра уюштуруунун маселелери боюнча орун алган карама-каршылыктарды четтетүүнү камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы:
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 104-беренесинин 6-пунктуна ылайык каржылык иште орун алган одоно бузуулардын баары (акчалай жөлөкпулдарды төлөп берүү, бюджеттик, гранттык жана атайын каражаттарды максатсыз пайдалануу) боюнча күнөөлүү кызмат адамдарын жазык жоопкерчилигине тартуу жана жазык иштерин териштирүүнү сапаттуу жүргүзүү жөнүндө маселени карасын;
Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумундагы табылган бардык одоно бузуулар боюнча прокурордук жооп берүү актыларынын аткарылышына көзөмөлдү камсыз кылсын жана күчөтсүн;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖАМКнын буйруктарын анык эмес деп табуу, кызматкерлерге акчалай камсыздоону негизсиз төлөп берүүлөр жана аларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖАМКнын ээлеген кызматка мыйзамсыз кабыл алынган жана бошотулган кызматкерлеринен өндүрүп алуу жөнүндө Бишкектеги райондор аралык соттогу доолорду жана арыздарды кароонун натыйжаларын контролдосун;
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кошмо актыларында баяндалган фактылар боюнча маалыматтарды өкмөттүк комиссиянын маалыматына киргизбей койгон Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кызмат адамдарынын жоопкерчилиги жөнүндө маселени карасын.
4. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖАМКнын жана анын ведомстволук караштуулугундагы мекемелердин 2008-2011-жылдарда бөлүнүп берилген бюджеттик каражаттар чыгымдалган бардык объекттерди текшерүүнү камтуу менен 2008-2011-жылдардын мезгилиндеги пайдаланылышынын мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн аудитордук текшерүүнү кошумча жүргүзсүн;
жүргүзүлгөн аудитордук текшерүүлөрдүн бардык талапкаттарынын аткарылышын контролдоону камсыз кылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Башкы прокуратурасы, Эсептөө палатасы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖАМК:
2012-жылдын II кварталынын ичинде убактылуу депутаттык комиссия тарабынан табылган одоно тартип бузууларды жана белгиленген кемчиликтерди четтетүү боюнча кечиктирилгис чараларды көрсүн;
ушул токтомдун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ай сайын маалымдап турсун.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (Т.Мадылбеков) жүктөлсүн.
Төрага | А.Жээнбеков
|