ТоктомКүчүндө

КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 2-мартындагы № 1709-V «Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу» токтому

Редакция02.03.2012 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2012-жылдын 2-марты № 1709-V

"Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Э.А.Сакебаев, Т.М.Узакбаев, А.К.Кочкорбаев, М.М.Салымбеков, Э.Исаков, Э.Б.Иманкожоева, С.С.Атаджанов тарабынан демилге көтөрүлгөн "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.

2. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана адам укуктары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети (Э.Ж.Алымбеков) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

 

Төрага

А.Жээнбеков