Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 7-марты №1728-V
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөркиргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча экинчи окуунун жол-жобосуна кайрылып келүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 59-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.Абдиев тарабынан демилге көтөрүлгөн "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окуунун жол-жобосуна кайтарылып келинсин.
2. Жогорку Кеңештин Регламенти жана депутаттык этика боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети (К.Абдиев) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун Комитеттин кошумча корутундусу менен экинчи окууда кароо үчүн 10 күндүн ичинде киргизсин.
3. 2012-жылдын 12-январындагы №1496-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому жокко чыгарылсын.
Төрага | А.Жээнбеков
|