Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 14-марты №1731-V
Кыргыз Республикасында шахматты кеңири жайылтуу жана өнүктүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ага ылайык мамлекет дене тарбиясын жана спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды түзө турган 45-беренесинин 5-бөлүгүн жетекчиликке алып, спорттун түрү катары шахматты кеңири жайылтуу менен таркатуу жана адамдын ар тараптуу өнүгүүсүнө, сергек жашоо ыңгайын бекемдөөгө, дене-бой жана адеп-ахлактык өркүндөө муктаждыгын калыптандырууга, калктын интеллектуалдык дараметин өстүрүүгө, патриоттуулукка тарбиялоого, элдердин ортосундагы достукту өнүктүрүүгө жана чыңдоого багытталган чараларды жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
жарандык коомдун катышуусу менен 2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасында шахматты өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу жана бекитүү боюнча чараларды көрсүн;
Кыргыз Республикасында Шахмат академиясын ачуунун жана мектептерде шахмат ийримдерин жайылтуунун мүмкүнчүлүгүн карасын.
2. Ушул токтомдун аткарылышына контролдоо Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (К.Осмоналиев) жүктөлсүн.
Төрага | А.Жээнбеков
|