Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 14-марты №1733-V
Кыргыз Республикасынын мурдагы Президенти К.Бакиевдин иниси соттолгон Акмат Бакиевдин качып кетүүсү жөнүндө мамлекеттик органдардын маалыматы тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын мурдагы Президенти К.Бакиевдин иниси соттолгон Акмат Бакиевдин качып кетүүсү жөнүндө мамлекеттик органдардын маалыматы эске алынсын.
2. Бул факт боюнча козголгон жазык иштеринин натыйжалары жөнүндө тиешелүү мамлекеттик органдардын маалыматы тергөө аяктагандан кийин угулсун.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Коргоо жана коопсуздук боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (Т.Б.Мамытов) жүктөлсүн.
Төрага | А.Жээнбеков
|