Мазмунга
ДалилКыргыз Республикасынын укуктук китепканасы
Меню
Далилден сураңыз
Тил
Башкы бетКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүӨзгөртүүлөрСервис жөнүндөДалилден сураңыз
Каталог/Токтом
ТоктомКүчүндө

КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 28-мартындагы № 1742-V «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты И.А.Пирматовду жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 2012-жылдын 21-февралындагы № 9/130-11 сунуштамасы тууралуу» токтому

Реквизиттер

ОрусКырг
Номер
№ 1742-V
Кабыл алынган
2012-жылдын 28-марты
Чыгарган
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

Каттоо жана жарыялоо

Реестрде
2012-жылдын 3-апрели

Реестрде

Минюст коду
71545

Минюсттун расмий барагы

Иш, бизнес жана окуу үчүн
укуктук маалымат.

Компания

Сервис жөнүндөКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүДалилден сураңыз

Компаниянын реквизиттери жана байланыштар азырынча кошула элек.

Көз карандысыз маалыматтык сервис. Маалымат КР Юстиция министрлигинин укуктук маалымат банкынан автоматтык түрдө алынган жана ката кетиши мүмкүн. Юридикалык чечимдер үчүн расмий булак менен салыштырыңыз.

© 2026 dalil.kg
Редакция28.03.2012 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2012-жылдын 28-марты №1742-V

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты И.А.Пирматовду жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 2012-жылдын 21-февралындагы № 9/130-11 сунуштамасы тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты И.А.Пирматовду жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору А.Ж.Салянованын 2012-жылдын 21-февралындагы № 9/130-11 сунуштамасын, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун сунуштамасын кароо боюнча атайын депутаттык комиссиянын талдоо-маалымкатын (тиркелет) карап жана талкуулап, бул маселе боюнча атайын депутаттык комиссиянын төрагасы Г.А.Скрипкинанын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 72-беренесинин 1-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесин, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 140-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Исхак Айтбаевич Пирматовду жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору А.Ж.Салянованын 2012-жылдын 21-февралындагы № 9/130-11 сунуштамасын канааттандыруудан баш тартылсын.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүдөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин баш тартуусу ал депутатка карата жазык иши боюнча өндүрүштү болтурбоочу жагдай болуп саналат.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты И.А.Пирматовго карата жазык иши боюнча өндүрүштү болтурбаган жагдай болуп саналган ушул токтомдун кабыл алынышы жөнүндө үч күндүк мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору А.Ж.Саляновага кабарлансын.

3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору иш боюнча өндүрүш аяктаган күндөн тартып натыйжалар жөнүндө үч күндүк мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине билдирсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Т.З.Зулпукаровго жүктөлсүн.

 

 Төрага

А.Жээнбеков

 

 

 

Түзүм

Бул документте бөлүмдөр табылган жок.