Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 29-марты №1749-V
2009-жылдагы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы З.М.Асанкожоеванын отчету тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2009-жылдагы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы З.М.Асанкожоеванын отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Улуттук банкы:
өлкөнүн экономикасынын билдирилген макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнө жетишүү максатында макулдашылган акча-кредиттик жана бюджет-салыктык саясатты жүргүзүүдө координациялоону күчөтсүн;
өлкөнүн ички рыногунда алтын сатып алуу боюнча ишти активдүү улантсын.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы:
отчетту талкуулоонун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары тарабынан айтылган сын-пикирлерди, ошондой эле 2009-жылдагы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ишинин аудити жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын отчетунда белгиленген кемчиликтерди четтетсин;
баалардын жалпы деңгээлинин туруктуулугун кармоону жана ага жетишүүнү камсыз кылсын;
коммерциялык банктар тарабынан кризиске каршы пландарды ишке ашыруунун мониторинги боюнча ишти улантсын;
исламдык банк продукттарын өнүктүрүү боюнча ишти улантсын;
банктардын ишинин бүдөмүксүздүгүн жогорулатууга жана кредит берүү процессин өркүндөтүүгө, ошондой эле банктардын кардарларынын укуктарын коргоо боюнча талаптардын сакталышына багытталган талаптарды белгилесин;
банк тутумунда монополияны болтурбоо, ошондой эле банктар тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын транспаренттүүлүгүн камсыз кылуу максатында коммерциялык банктардын жана банктык эмес каржы-кредиттик мекемелердин депозиттери менен кредиттерине пайыздык ставкаларды жөнгө салуу боюнча чараларды көрсүн;
коммерциялык банктардын жана банктык эмес каржы мекемелеринин кредиттик ресурстарынын адилеттүү наркын калыптандыруу боюнча чараларды көрсүн;
пайыздык ставкаларды төмөндөтүүгө, калкка чакан каржы сектору тарабынан көрсөтүлүп жаткан каржы кызматтарынын бүдөмүксүздүгүн жогорулатууга жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого көмөк көрсөтүүчү рынок механизмдерин жайылтуунун жолдорун карасын.
4. Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги калктын банк секторуна ишенимин жогорулатууга багытталган түшүндүрүү иштерин активдештирсин.
Төрага | А.Жээнбеков
|