Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 4-апрели №1755-V
"Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Т.Алтыбаева, Э.Ж.Алымбеков, С.С.Атаджанов, А.Г.Бекматов, О.Л.Домшенко, Б.С.Кадыров, Г.А.Скрипкина, О.Ч.Текебаев тарабынан демилге көтөрүлгөн "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык фракцияларынын кароосуна жиберилсин.
2. Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети (Э.Ж.Алымбеков) жогоруда көрсөтүлгөн конституциялык Мыйзамдын долбоору боюнча парламенттик угууларды өткөрсүн жана аны депутаттык фракциялар тарабынан кароонун, ошондой эле парламенттик угуулардын сунуштамаларынын натыйжалары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышына киргизсин.
Төрага | А.Жээнбеков
|