Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 4-апрели №1758-V
Казакстандан радиоактивдүү көмүр ташып келүүнүн жана аны Кыргыз Республикасынын ишканалары менен социалдык мекемелерине бөлүштүрүп берүүнүн фактыларын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын маалыматы жөнүндө
Казакстандан радиоактивдүү көмүр ташып келүүнүн жана аны Кыргыз Республикасынын ишканалары менен социалдык мекемелерине бөлүштүрүп берүүнүн фактыларын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казакстандан радиоактивдүү көмүр ташып келүүнүн жана аны Кыргыз Республикасынын ишканалары менен социалдык мекемелерине бөлүштүрүп берүүнүн фактыларын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри А.А.Шадиев тарабынан көмүр сатып алуу бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуунун фактыларын белгилебегендиги белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр сунушталсын:
радиоактивдүү көмүрдүн бүткүл партиясын Кыргыз Республикасынын аймагынан бир айлык мөөнөттө ташып кетүү, ал көмүрдү жеткирүү жана сактоо үчүн пайдаланылган транспорт каражаттарын, жайларды жана аймактарды дезактивдештирүү боюнча токтоосуз чараларды көрсүн;
2012-2013-жылдын күзгү-кышкы мезгилине карата даярдык көрүү боюнча республикалык штабдын ишине, көмүр сатып алуу боюнча тендерлерди өз убагында жана мыйзамдуу өткөрүүгө контролду күчөтсүн;
ар бир жылдын апрелинен тартып отун жөнөтүүгө келишимдерди түзүү, жөнөтүүчүлөрдү аныктоо, аны өз убагында ташып келүү жана республиканын энергетика тармагынын натыйжалуу иштешин камсыз кылуу боюнча биротоло чараларды көрсүн;
ата мекендик көмүр өнөр жайын өнүктүрүү, республиканын ЖЭБдеринин жабдууларын жергиликтүү көмүргө модернизациялоо боюнча чараларды жүзөгө ашырсын;
күзгү-кышкы мезгилге жыл сайын өз убагында даярдануу максатында Кыргызстандын көмүр чыккан жерлерин калыбына келтирүү жана иштетүү боюнча, ошондой эле өлкөнүн бюджеттик уюмдарына Казакстандан көмүрдү түздөн-түз (ортомчуларсыз) жөнөтүүлөр боюнча келишимдерди түзүү боюнча чараларды көрсүн;
"Кулан ТБ" ЖЧШсын жана "Кулан Көмүр" ЖЧШсын кара ниет жөнөтүүчүлөрдүн тизмесине киргизсин жана мамлекеттик сатып алуулардын жол-жобосуна катышууга жол бербөө чараларды көрсүн;
бажы контролу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү жайлары аркылуу өтүүчү товарлар менен транспорт каражаттарын радиациялык контроль жүргүзүү боюнча өзүнө ченемдик укуктук актылар менен жүктөлгөн милдеттерин аткарууга карата жооптуу мамиле жасоосун камсыз кылсын;
Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри А.А.Шадиевди ээлеген кызматынан убактылуу четтетүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин тескемесин жокко чыгарсын;
төмөнкүлөрдүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилиги жөнүндө маселени карасын:
- "Электр станциялары" ААКсынын башкы директору А.М.Тентиевдин;
- Бишкек шаарынын ЖЭБнин директору Ю.А.Фриктин;
- "Кыргызтуракжайкоммунбирлик" МИсинин директору М.Мурзаевдин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчилигинин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун жетекчилигинин;
- Чүй областынын мамлекеттик администрациясынын жетекчилигинин.
3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына төмөнкүлөр сунушталсын:
радиоактивдүү ташып келүүнүн жана пайдалануунун фактылары боюнча жазык ишин козгоодо мыйзамдын ченемдерин бузууга жол берген прокуратура органдарынын кызматкерлерин жоопкерчиликке тартуу;
көмүр сатып алуу баасына, ошондой эле республикага радиоактивдүү көмүр ташып келүүгө тиешеси бар тиешелүү органдар тарабынан мыйзамдардын талаптарынын так аткарылышына өзгөчө көңүл буруп, "Кыргызтуракжайкоммунбирлик" МИси жана Чүй областынын бардык райондору, Ысык-Ата районунун Нижне-Серафимовка жатак үйү боюнча көмүрдү тендердик сатып алуулардын мыйзамдуулугуна көзөмөлдү күчөтсүн;
радиоактивдүү көмүрдү ташып келүүнүн жана пайдалануунун фактылары боюнча козголгон бардык жазык иштерин ар тараптуу жана калыс иликтөөнү камсыз кылсын.
4. Казакстандан радиоактивдүү көмүр ташып келүүнүн жана аны Кыргыз Республикасынын ишканалары менен социалдык мекемелерине бөлүштүрүп берүүнүн фактыларын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын материалдары бул маселе боюнча козголгон жазык иштери боюнча калыс чечимдерди кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жиберилсин.
Төрага | А.Жээнбеков
|