Редакцияот 06.04.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2012-жылдын 6-апрели № 1798-V

"Бишкек шаарында 2011-жылдын 13-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд Өнүктүрүү Фондунун ортосундагы Кредиттик макулдашууну (Бишкек-Торугарт автожолун реабилитациялоо боюнча долбоор) ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2011-жылдын 29-ноябрындагы № 739 токтому) "Бишкек шаарында 2011-жылдын 13-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд Өнүктүрүү Фондунун ортосундагы Кредиттик макулдашууну (Бишкек-Торугарт автожолун реабилитациялоо боюнча долбоор) ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.

 

Төрага

А.Жээнбеков