Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 6-апрели № 1799-V
"Бишкек шаарында 2011-жылдын 13-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд Өнүктүрүү Фондунун ортосундагы Кредиттик макулдашууну (Бишкек-Торугарт автожолун реабилитациялоо боюнча долбоор) ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2011-жылдын 29-ноябрындагы № 739 токтому) "Бишкек шаарында 2011-жылдын 13-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд Өнүктүрүү Фондунун ортосундагы Кредиттик макулдашууну (Бишкек-Торугарт автожолун реабилитациялоо боюнча долбоор) ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
эл аралык донорлордун каражаттарына ишке ашырылып жаткан долбоорлорго катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын ишке чегилүүчүлөрүнө, эл аралык ишканалар менен биргелешкен ишке чегилүүчүлөргө шарттарды түзсүн;
эл аралык долбоорлорду ишке ашырууда тендерге катышканда алар эл аралык ишке чегилүүчүлөр менен бирдей баа алып калган учурларда Кыргыз Республикасынын ишке чегилүүчүлөрүнө, эл аралык ишканалар менен биргелешкен ишке чегилүүчүлөргө артыкчылык берсин;
ушул токтомдун аткарылышы боюнча маалыматты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине бир айлык мөөнөттө берсин.
Төрага | А.Жээнбеков
|