Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 25-апрели № 1875-V
Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын
иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62 жана 63-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2012-жылдын 9-февралында кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобу төмөнкү курамда түзүлсүн:
А.Т.Сулайманов - Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин төрагасы;
У.Т.Кочкоров - Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин төрагасынын орун басары;
И.А.Пирматов - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын демилгечиси;
Д.И.Нарымбаев - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү;
А.Н.Шыкмаматов - Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
К.К.Абдалиев - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы.
2. Макулдашуу тобу жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын макулдашылган вариантын жана түзөтүүлөрдүн таблицасын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна 30 календарлык күндөн кечиктирбестен киргизсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (А.Т.Сулайманов) жүктөлсүн.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.Жээнбеков |